«Манас» университетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында «Университеттен да артык» концепция тааныштырылды


  • 2025-12-03

2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин 30 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Маалымат жыйынына: КТМУнун ректору, профессор Алпасслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, университеттин декандары, Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Билим берүү боюнча кеңешчиси Күршад Дулкадир, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы, УТРК, ТРТ Аваз, ЭлТР, Кабар, Ала-Too 24, 7-Канал, Эркин Тоо, Super.kg, Super Инфо, Sputnik, Bulak.kg, BBC Кыргызча, Nomad TV, УТРК Радио 1, Азаттык, ИХА, Журналисттер коомдук бирикмесинин башчысы, Vesti.kg, Түркиядан келген журналист Фуля Өзтүрк, Tilimpoz социалдык долбоорунун негиздөөчүсү, эркин журналисттер, «Манас» радиосу жана «Манас» каналынын өкүлдөрү жана университеттин басма сөз кызматкерлери катышты.

Ректор Жейлан: «Манас университети — Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алтын көпүрө»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан өткөрүлгөн маалымат жыйынында университеттин билим берүү миссиясы, ийгиликтери жана келечектеги пландары жөнүндө маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Профессор Жейлан «Манас» университети Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы күчтүү бир туугандык мамилени бекемдеген маданий жана академиялык көпүрө экенин баса белгилеп, төмөнкүдөй деп айтты: «Манас университети эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык сезимдердин өнүгүшүнө салым кошкон алтын көпүрө болуп саналат. Чыңгыз Айтматов: ‘Ким ойлоптур бул талаада университет ачылып, бул жерде билим алган жаштар түрк дүйнөсүнө кызмат кылат деп?’ деген эле. Эми Айтматов тынч укса болот; анткени Кыргызстандагы «Манас» университети бүгүн дүйнөнүн алдыңкы 1000 университетинин катарына кирген ийгиликтүү жогорку окуу жайына айланды жана түрк дүйнөсүнө билимдүү жаштарды тарбиялап келет».

Жолугушууда профессор Жейлан «Манас» университетинин «Университеттен да артык» деген концепция менен алдыга умтулуп, университетте билим берүү гана эмес, коомдо, иш жүзүндө жана дүйнөдө из калтырган адистерди даярдап жатканын баса белгиледи. Түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир чатырдын астында бириктирген «Манас» университети студенттерин билимге бай, маданиятка сугарылган, өз тамырына бекем жана дүйнөлүк баалуулуктарга ачык инсандар катары тарбиялап жатканын айткан профессор Жейлан, бул жаштар келечектеги окумуштуулар, лидерлер, өнөр ээлери жана ишкерлер болууга даярданып жатканын билдирди.

Профессор Жейлан «Манас» университетинин Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымдарын, кыргыз тилин өнүктүрүү жана таанытуу боюнча ишке ашырылган кенен долбоорлорду, университеттин акыркы жылдардагы академиялык өсүштөрүн жана алдыдагы беш жылга карата стратегиялык багытын коомчулукка кеңири маалымдады.

«Биз акысыз билим беребиз, ийгиликтүү студенттерди стипендия менен колдойбуз»

Университеттин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп билимдин акысыз берилиши экенин белгилеген ректор, профессор Жейлан студенттер эч кандай төлөм төлөбөй турганын, мындан тышкары алардын жетишкен ийгиликтерине жараша стипендиялар менен колдоого алынарын айтты. Ректор Жейлан ошондой эле заманбап спорт залдары, студенттик жатаканалар жана ар кандай социалдык аянтчалар менен студенттердин бир гана академиялык эмес, маданий жана социалдык өнүгүшү да колдоого алынып жатканын билдирди.

«Кыргыз жана түрк тилдеринин өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатабыз»

Кыргыз тилин окутуунун эң маанилүү борборлорунун бири «Манас» университети экенин белгилеген профессор Жейлан жыл сайын даярдык курсунда болжол менен 1000 студентке кыргыз жана түрк тилдери окутуларын айтты. Ошондой эле университет тарабынан даярдалган 50 000 сөздүктөгү сөздөр 70 000ге чейин көбөйтүлгөнүн жана максаттары 2026-жылы 100 000 сөз камтыган кеңири сөздүктү бүтүрүү экенин белгиледи.

Ректор Жейлан «Акылaй» долбоору алкагында үч жарым миллион көлөмүндөгү кеңири санарип билим берүү платформасы иштелип жатканын билдирди. Максаты — Кыргызстандын билим берүү тармагындагы ийгиликтерин жогорулатуу жана өлкөнү келечекке күчтүү даярдоо.

Профессор Жейлан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кыргыз тили бардык мектептерде, расмий мекемелерде окутулушу жана расмий иш кагаздарында колдонулууга тийиш деген көрсөтмөсүнө токтолуп, «Манас» университетинде Кыргыз тили жана адабияты программасы расмий түрдө ачылганын жана бул маанилүү милдет ийгиликтүү аткарылып жатканын маалымдады.

Кыргыз тилин өнүктүрүү багытындагы иштерге токтолгон профессор Жейлан, «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 200гө жакын кыргызча окуу китеби даярдалганын, бул аракет кыргыз тилинин байышына чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле Түркиянын Ван областындагы Улупамир айылында жашаган кыргыздарга жана кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендерге онлайн тил курстары уюштурулуп жатканын, КТМУSE тарабынан жыл бою кыргыз тили боюнча билим берүү программалары уюштурулуп жатканын коомчулукка маалымдады.

«Пандемия учурунда 1000 саат сабак тарттык, студенттерге 60 ГБ акысыз интернет бердик»

Пандемия учурунда Кыргызстандын билим берүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн чоң жоопкерчилик алынганын айткан профессор Жейлан: «Билим берүүдөгү үзгүлтүктөрдү алдын алуу максатында университетибизде 1000 саат сабак тартылып, даярдалды. Бул аркылуу студенттер окуу жайга барбастан билим алууну уланта алышты. Ошондой эле сабактарга үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн студенттерге 60 ГБ акысыз интернет берилген», — деди.

Пандемия  медицина тармагынын маанисин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеген профессор Жейлан, Кыргызстандын медицина кызматтарына салым кошуу максатында «Манас» университетинде Медицина факультети ачылганын билдирди.

Ошондой эле профессор Жейлан университетте 24 саат үзгүлтүксүз иштеген Шейит Эрен Бүлбүл Медицина борбору студенттерге, окутуучуларга, кызматкерлерге жана аймактагыларга кеңири жана толук медициналык кызмат көрсөтүп жатканын билдирди.

«Сапаттуу билим үчүн студенттердин санын чектеп жатабыз»

Жалпы 6500 студенти бар «Манас» университетинин кааласа 15000 студентке чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан профессор Жейлан: «Биз сандан көрө сапатты жогорулатууну каалайбыз. Ушул себептен дүйнөдөгү эң мыкты окутуучуларды университетибизге тартуудабыз. Студенттерибиздин эң жакшы деңгээлде билим алуусу үчүн сапатты ар дайым биринчи орунга коёбуз», — деди.

Профессор Жейлан жүргүзүлүп жаткан кызматташтыктар жана академиялык басылмалар аркылуу акыркы беш жылда университеттин эл аралык деңгээлде жетишкен ийгиликтери жөнүндө айтты. Санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жатканын белгилеген профессор Жейлан университет жасалма интеллект жана киберкоопсуздук сыяктуу дүйнөдөгү эң керектүү жана алдыңкы университеттерде бар багыттарды ачууга даярдык көрүп жатканын баса белгиледи.

«Студенттерибиз — Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн маданий элчилери»

Ректор профессор Алпаслан Жейлан «Манас» университетинин Кыргызстан жана Түрк дүйнөсү үчүн билим берүү жана маданият жаатындагы ордуна токтолуп, Кыргызстандын эң ийгиликтүү студенттеринин университетти тандашы алар үчүн чоң сыймык экенин айтты. Жейлан студенттер Түркия баштаган бир катар өлкөлөрдө «Манас» университетин, Кыргызстандын маданиятын жана аймактын баалуулуктарын таанытып жатканын, Түркиядан келген студенттер өз маданияты менен бөлүшүп, бир туугандык мамилелерди дагы да күчөтүп жатканын белгиледи. Бул жагы менен студенттер эки өлкөнүн маданий элчилерине айланып жатканын айткан Жейлан, университет кыргыз тилин коргоп, өнүктүрүп, үйрөнгүсү келгендерге колдоо көрсөтүүнү милдет катары кабыл алганын билдирди.

Профессор Жейлан жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстанга да, түрк дүйнөсүнө да чоң салым кошоруна ишенерин айтып, маалымат каражаттарын университетке көбүрөөк келип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Келечекке ишенимдүү кадам таштап жаткандарын белгилеген Жейлан бул чоң кубаныч экенин билдирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев да сөз сүйлөп, медиа өкүлдөрүнө жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, университеттин өнүгүүсү, миссиясы жана эл аралык ийгиликтери жөнүндө маалымат берди.

Доцент Ибраев университеттин 30 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана натыйжалары кеңири бааланганын белгилеп: «Биз бир гана Кыргызстанда эмес, Борбор Азия жана дүйнөлүк аренада да билим берүү жаатында активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Убакыттын талабтары бат өзгөрүүдө, ал эми заманга ылайык иш алып барган ар бир мекеме өз иш жүргүзүүсүн кайра карап чыгып, кайрадан баалап турушу керек», — деди.

«Манас» университети Кыргызстанда акысыз жана сапаттык стандарттарга ылайык билим берген жалгыз жогорку окуу жайы экенин белгилеген доцент Ибраев университет дүйнөлүк университеттер рейтингинде алдыңкы 1000дин катарында экенин жана бул деңгээлин татыктуу сактап жатканын айтып, Азия университеттери арасында 230-орунда, Борбор Азияда 12-орунда турганын билдирди.

Биринчи проректор Ибраев университеттин негизги максаты — заман талабына ылайык, көп жактуу жана курама адистерди даярдоо экенин белгилеп: «Биз студенттерге бир гана академиялык билим бербестен, алардын маданий баалуулуктарга негизделген руханий өнүгүүсүнө да маани беребиз», — деди.

Баяндамалардын соңунда маалымат жыйыны журналисттердин суроолору менен уланып, эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

 

    Социалдык медиада бөлүшүү