"Манас" университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери “Кош келиңиз” иш-чарасында жолугушту


  • 2025-12-02

2025-жылдын 1-декабрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Экономика жана башкаруу факультети тарабынан 1-курстун студенттери үчүн “Кош келиңиз” аттуу иш-чара  өткөрүлдү.

КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өткөн бул иш-чарага КТМУнун проректору, Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Камалбек Карымшаков, профессордук-окутуучулук курам жана көп сандагы студенттер катышты.

Программа эки боордош өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталды. Профессор Карымшаков студенттерге куттуктоо сөзүн айтып, факультет жана окутуучулук курам тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө: “Бул жылы 1-курска кабыл алынган бардык студенттерибизди куттуктайм. Биздин факультет университет тарыхындагы эң биринчи түптөлгөндөрдөн бири болуп саналат. “Манас” университетинин бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жетишкен ийгиликтеринде биздин факультеттин жана кадырлуу окутуучулук курамдын да салымы зор. Мындай аракеттер мындан ары да ошол эле жигердүүлүк менен уланарына ишенем”, – деп белгиледи.

Иш-чаранын маданий бөлүгүндө студенттер  өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Модерн Данс” тобу заманбап бий көрсөтүүлөрүн тартуулап, гитара жана пианинонун коштоосунда музыкалык чыгармалар аткарылды. Программанын алкагында студенттердин арасында ар кандай оюндар жана лотереялар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

Иш-чара 1-курска жаңыдан кабыл алынган студенттердин илим жана билим жолундагы алгачкы кадамдарын бекемдеген, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана ийгиликке умтулууга шыктандырган программа катары жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү