КТМУда рак ооруларын мультидисциплинардык ыкма менен дарылоо боюнча илимий жыйын өткөрүлдү


  • 2025-12-11

2025-жылдын 11-декабрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректораттагы жыйындар залында Түркиянын алдыңкы дарыгерлери тарабынан “Эмчек рагы жана урологиялык рактын мультидисциплинардык дарылоо ыкмалары” аттуу илимий жыйын өткөрүлдү.

Панелге КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, док.Фатих Рамазан Истанбуллугил, Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек  мамлекеттик Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасынын башкы дарыгери Адлан Олсун, «Шейит Эрен Бүлбүл» атындагы ден соолук борборунун кызматкерлери, көп сандагы окутуучулар, административдик кызматкерлер жана медицина факультетинин студенттери катышты.

«Түрк дүйнөсү бир бүтүн жана анын ар бир мүчөсү биз үчүн баалуу»

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркиядан келген кадырлуу дарыгерлерди «Манас» университетинде кабыл алып жаткандыгына кубанганын билдирип: «Өз тармактарында чоң ийгиликтерге жетишкен жана кеңири тажрыйбага ээ болгон дарыгерлерибиздин университетибизге келгени биз үчүн чоң сыймык. «Манас» университети катары негизги максатыбыз – конокторубузду жөн гана мейман катары эмес, «Манас» үй-бүлөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары кабыл алып, дал ушундай мамиле менен аларды тосуп алуу»,- деп айтты.

Ректор, профессор  Жейлан ошондой эле түрк дүйнөсүнүн биримдигине токтолуп:

«Түрк дүйнөсү бир бүтүн жана анын ар бир мүчөсү биз үчүн кымбат. Бир аймакты чындап таануу үчүн аны алыстан сүйүү жетишсиз; сөзсүз келип көрүү, адамдар менен бирдей сезимди жана чын ыкласты бөлүшүү керек», – деди.

«Манас» университетинин стратегиялык максаттарынын бири болгон Медицина факультетинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, профессор  Жейлан мындай деди: «Узак убакыттан бери кылдаттык менен иштеп келген маанилүү максатыбыз бар эле- Медицина факультетин ачуу. Биз бул максатыбызга жеттик жана студенттерибизди кабыл алып баштадык. Медицина факультети биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан дүйнөлүк деңгээлдеги кадырлуу профессорлор менен жолугушууларды өткөрүү жана факультетибизди эң күчтүү түрдө түзүү абдан маанилүү», – деп сөзүн жыйынтыктады.

Жыйын жалпы хирургия боюнча адис профессор доктор Фатих Агалардын модераторлугу алдында уланды. Жыйында профессор доктор Фатих Агалар менен катар урология боюнча адис профессор доктор Жемил Уйгур, медициналык онкология боюнча адис профессор доктор Түркан Өзтүрк Топчу жана пластикалык хирургия боюнча адис профессор доктор Осман Келахметоглу эмчек жана урологиялык рактардын эрте аныкталышы, хирургиялык кийлигишүү, онкологиялык дарылоо жана реконструктивдик хирургия ыкмаларын катышуучулар менен бөлүшүштү.

Жалпы хирургия боюнча адис профессор доктор Фатих Агалар катышуучуларга роботтук хирургия ыкмасын тааныштырып, анын артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу кеңири маалымат берди. Эмчек рагын дарылоодо колдонулган заманбап ыкмалар менен онкопластикалык хирургия техникаларына токтолгон Агалар, клиникалык учурлардан алынган сүрөттөр аркылуу операциялык процесстерди кеңири  түшүндүрүп, катышуучулар менен  адистик тажрыйбасын  бөлүштү.

Урология боюнча адис профессор доктор Жемил Уйгур простат безинин анатомиялык жана функционалдык өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, простат рагынын кездешүү жыштыгы, коркунуч туудуруучу факторлору, клиникалык белгилери жана учурдагы диагноз коюу менен дарылоо ыкмалары тууралуу маалымат берди. Простат рагын дарылоодо роботтук хирургиянын колдонулушуна байланыштуу клиникалык учурлардын сүрөттөрүн сунуштаган профессор доктор Уйгур, бул ыкманын натыйжалуулугун белгилеп өттү. Ал илимий маалыматтардын негизинде акыркы статистикаларды талдап, үзгүлтүксүз урологиялык текшерүүлөр эрте диагноз коюуда абдан маанилүү экенин баса белгилеп, катышуучуларга кеңири маалымат берди.

Медициналык онкология боюнча адис профессор доктор Түркан Өзтүрк Топчу катышуучуларга рак биологиясы жана учурдагы дарылоо ыкмалары тууралуу маалымат берип, бейтаптардын дарылоо процесстерине байланыштуу клиникалык мисалдар аркылуу түшүндүрмө жасады. Химиотерапия, иммунотерапия (дары жана вакцина негизиндеги дарылоолор) жана радиотерапиянын жүргүзүлүшү менен бейтапка ылайыкташтырылган пландоо ыкмаларын кеңири баяндаган профессор доктор Топчу, заманбап онкологиялык практиканын көп тармактуу мамилени талап кыларын белгилеп, дарылоо топторунун ортосундагы координация бейтаптын жыйынтыктарына түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

Пластикалык хирургия боюнча адис профессор доктор Осман Келахметоглу, эмчек рагы операциясынан кийин жана ар кандай реконструктивдик муктаждыктарда колдонулган пластикалык хирургиялык ыкмалар тууралуу кеңири маалымат берди. Профессор доктор Келахметоглу мастэктомия жана лумпэктомиядан кийинки реконструкциядан тышкары, тукум куучулук эмчектин жоктугу же асимметриясы, травма же күйүктөн кийинки ткандын жоголушу сыяктуу абалдарда жүргүзүлгөн оңдоо процесстерин түшүндүрдү. Ошондой эле, автологдук оңдоо (дене ткандарын колдонуу менен реконструкция) жана имплант аркылуу оңдоо (протез негизиндеги реконструкция) техникаларын кеңири баяндап, клиникалык учурлардан алынган сүрөттөр аркылуу ыкмалардын колдонулушун катышуучуларга илимий негизде көрсөтүп берди.

“Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын жемиштүү өткөнүн белгилеп, Түркиядан келген жалпы хирургия, медициналык онкология, урология жана пластикалык хирургия адистерине ыраазычылыгын билдирди. Адистердин тыгыз иш графигине карабастан, Теңир-Тоо этектеринде саламаттыкты сактоо жаатына көнүл буруп, медициналык кызмат көрсөтүүлөрү чоң мааниге  ээ экенин баса белгилеген ректор, профессор Жейлан, алардын кошкон баалуу салымдары үчүн ыраазычылык сертификаттарын тапшырды.

Иш-чара  эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

 

Manas TV Haberi:

https://youtu.be/SX6_6G3D328

    Социалдык медиада бөлүшүү