КТМУда кыргыз тарыхын, маданиятын жана баалуулуктарын жаш муундарга таанытуу программалары уланууда


  • 2025-12-17

Кыргыз-Түрк “Манас” уиверситети (КТМУ) кыргыз тарыхын, маданиятын жана баалуулуктарын жаш муундарга таанытуу жана жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында ар түрдүү программаларды өткөрүүнү улантууда.

КТМУнун Гуманитардык факультетинин Филология бөлүмү тарабынан “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” түшүнүгүнүн негизинде 2025-жылдын 17-декабрында атайын программа уюштурулду. Кыргыз элинин руханий күчүн жандантып, тарыхый, философиялык жана руханий багыттары менен улуттун калыптанышында негизги тирек болгон “Манас” эпосун жаш муундарга жеткирүү максатында “Улут башаты - Манас: муундарга калган мурас” аттуу программа Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чарага Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык, декан жардамчылары, бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Манас – коомдук тартиптин жана адилеттиктин символу

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык ачылыш сөзүндө улуттук аң-сезим жана улуттук иденттүүлүк бардык нерсенин негизи экенин баса белгиледи. Студенттерге өз өлкөлөрүн эч качан унутпоо керектигин эскертип, мекенге кызмат кылуу ар бир адамдын эң маанилүү жоопкерчиликтеринин бири экенин айтты. Ал эми окутуучулардын негизги милдети – маданий баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү жана бул баалуулуктардын муундан муунга өтүүсүндө көпүрө болуу экенин белгиледи.

“Манас” эпосуна да токтолгон профессор Ашык, Манасты жөн гана бир адам же тарыхый баатыр катары кароого болбой турганын айтып, “Манас – силерсиңер, Манас – бизбиз” деген сөздөрү менен эпостун бир маданияттын жана бир улуттун бар болушунун ачык чагылышы экенин белгилеп, “Манас” эпосун адилеттик менен коомдук тартипти чагылдырган, бир түрдүү “конституция китеби” катары баалады. Ал “Манас” эпосун “жашап жаткан уламыш” деп атап, эпос кыргыз элинин жашоосунун ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилеп, студенттерди Манаска ушул аң-сезим менен мамиле кылууга чакырды.

Гуманитардык факультетинин Филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаева болсо, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун Кыргызстанда кабыл алынганына бир жыл болгонун эске салды. Бул убакыт аралыгында өлкө боюнча аталган түшүнүккө ылайык көптөгөн маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгилеп, өткөн жылы “Манас” эпосунун “Сейтек” бөлүмүнөн башталган иштер быйыл да улантылып жатканын билдирди.

«Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик » уңгужолунун негизги максаттарына да токтолгон профессор Сагынбаева, бул ыкма жаштарды ата-бабалардан калган баалуулуктарды таанып-билүүгө, сактоого жана улантууга үндөөрүн баса белгиледи. Ал баалуулуктарды бүгүнкү шарттар менен айкалыштырып, дүйнөлүк деңгээлде ийгиликке жетүү максат кылынганын айтты. Профессор Сагынбаева программанын алкагында «Манас» эпосу аркылуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды алдыга чыгаруу көздөлгөнүн белгиледи. Ошондой эле, «Манас» эпосу жаштарды улуттук аң-сезим менен тарбиялоодо маанилүү маданий курал экенин айтты.

«Манас» эпосу сахналаштырылып көрсөтүлдү, маданий мурас жанданды

Ачылыш сөздөрүнөн кийин программа Филология факультетинин студенттеринин сахнада «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен башталды. Студенттер эпостон тандалган бөлүктөрдү аткарып, көрүүчүлөргө «Манас» айтуу  салтын жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түзүштү. Андан соң эпостон кыскача үзүндү сахналаштырылып көрсөтүлдү. Айрыкча Манас менен Каныкейдин үйлөнүүсүн баяндаган бөлүктө үй-бүлөлүк баалуулуктарды, маданий элементтерди жана кыргыз элинин салт-санаасын чагылдырышы көрүүчүлөрдүн чоң колдоосуна ээ болду.

Филология факультетинин студенттеринин «Манас» эпосун кыргыз тилинде аткаруусу эпостун жаш муундар тарабынан улантылып жатканын көрсөтүп, маанилүү жетишкендик катары бааланды. Сахналаштырылган көрсөтүү учурунда «Манас» эпосунун үй-бүлө түзүлүшүндөгү, коомдук ынтымактагы жана маданий өзгөчөлүктөгү орду дагы бир жолу айкындалды.

Иш-чара студенттердин комуздун коштоосунда аткарган «Маш Ботой» күүсү менен уланды. Комуздун коштоосундагы бул аткаруу көрүүчүлөргө кыргыз маданиятынын бай музыкалык мурасын чагылдырган маданий саякат тартуулады.

Иш-чара окутуучулар жана студенттер менен жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

КТМУ Спорт илимдери факультетинен “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” аталышындагы семинар

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Спорт илимдери факультети тарабынан “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” аталышындагы семинар уюштурулду. Факультеттин жыйындар залында болуп өткөн иш-чарага окутуучулар, студенттер жана коноктор  кызыгуу менен катышышты.

Семинарды уюштурган профессор Канат Жанузаков улуттук рухтун коомдордун өздүк иденттүүлүгүн калыптандыруудагы ролуна көңүл бурду. Ал маданий баалуулуктарды сактоо, руханийликтин заманбап дүйнөдөгү мааниси жана бул баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү маселелерин катышуучулар менен бөлүштү.

Профессор Жанузаков спорт илимдеринин улуттук баалуулуктарды сактоодогу маанисин белгилеп, маданият, адеп-ахлак жана коомдук биримдик спорт аркылуу кантип чыңдалаарын мисалдар менен түшүндүрдү.

Семинар суроо-жооп бөлүмүнөн кийин жалпы эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү