2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖАЗГЫ СЕМЕСТРИНДЕ ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАКТАРЫ (КЫРГЫЗ, ТҮРК, АНГЛИС ЖАНА ОРУС ТИЛДЕРИ) ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ


  • 2025-12-30

Сынакка катталуунун акыркы күнү: 2026-жылдын 07-январы

Сынакка катталуу үчүн : https://admission.manas.edu.kg/ydyo/

2025-2026-окуу жылынын жазгы семестринде Чет тилдер жогорку мектебинин Тил үйрөтүү программаларынын академиялык календарына ылайык 2026-жылдын 13-15-январь күндөрү аралыгында өткөрүлө турган Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз, түрк, англис жана орус тилдери) катышууну каалаган талапкерлерге болгон талаптар, аталган сынактардын өтө турган жери, сааты жана күндөрү жана ошондой эле баалоо критерийлери төмөндө көрсөтүлгөн.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Жазгы семестрдин Тилден бошотуу сынактарына (кыргыз, түрк, англис жана орус тилдери) төмөндөгү талаптарга жооп берген студенттер каттала алышат:

  1. Тил үйрөтүү программасынын алкагында билим алып жаткан магистратура жана докторантура багытынын студенттери;
  2. Тил үйрөтүү программасында милдеттүү окутулуучу тилдерди экинчи (2) окуу жылында улантып жаткан студенттер;
  3. 2025-2026-окуу жылында тил үйрөтүү программасынын даярдоо курсуна кабыл алынып, алгачкы эки ара сынактын орточо көрсөткүчү 85 (BA) же андан жогору болгон орто кесиптик билим берүү программаларынын жана бакалавр программаларынын студенттери кире алышат.

 

СЫНАККА КАТТАЛУУ ТАРТИБИ

  • Аты аталган сынактарга катышууну каалаган студенттер 2026-жылдын 7-январь күнү, саат 23:59га чейин https://admission.manas.edu.kg/ydyo/ дареги аркылуу онлайн катталуусу жана катталуу баракчасында талап кылынган маалыматы / документтерди толук жана туура толтуруусу керек.
  • Сынакка катталган студенттер каттоонун аягында бериле турган сынак баракчасын чыгарып, сынак күнү өзү менен бирге алып келүүлөрү абзел.
  • Сынак баракчасы жана паспорттун түп нускасы (студенттик билети) жок студенттер сынакка кабыл алынбайт.
  • Катталуу учурунда жалган билдирүү берилген болсо катталуу жана сынак жараксыз деп табылат.

 

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН ЖЕРИ:

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин имараты, Ч. Айтматов проспектиси, 56, Бишкек ш., Кыргызстан

 

СЫНАКТЫН СААТЫ ЖАНА КҮНДӨРҮ

Жазгы семестрдын Тилден бошотуу сынактарынын (түрк, кыргыз, англис, орус жана кытай тилдери) өтө турган сааты жана күндөрү төмөндө көрсөтүлгөндөй:

ТИЛДЕР

СЫНАКТЫН ӨТӨ ТУРГАН КҮНҮ

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ СЫНАК

1.

Түрк тили

13/01/2026

09.30- 10.30

11.00-11.50

13.00-14.00

14.30-17.30

2.

Англис тили

14/01/2026

09.30- 10.30

11.00-11.50

13.00-14.00

14.30-17.30

3.

Орус тили

14/01/2026

09.30- 10.30

11.00-11.50

13.00-14.00

14.30-17.30

4.

Кыргыз тили

15/01/2026

09.30- 10.30

11.00-11.50

13.00-14.00

14.30-17.30

 

СЫНАКТЫ БААЛОО

Тилден бошотуу сынактары (түрк, кыргыз, англис жана орус тилдери) төмөндө көрсөтүлгөндөй критерийлерге ылайык бааланат.

ТИЛДЕР

ОКУП ТҮШҮНҮҮ

УГУП ТҮШҮНҮҮ

ДИЛБАЯН

ООЗЕКИ СЫНАК

 
 

1.

Түрк тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

2.

Кыргыз тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

3.

Орус тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

4.

Англис тили

25 упай

25 упай

25 упай

25 упай

 

 

Окуп түшүнүү сынагы: Кеминде эки башка тексттен жана тиешелүү тексттер боюнча суроолордон турат.

Угуп түшүнүү сынагы: Кеминде эки башка аудио жазуусунан жана тиешелүү аудио жазуулар боюнча суроолордон турат.

Дилбаян: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан аныкталган үч түрдүү дилбаян темасынан каалаган бирөөнү тандап, C1 деңгээлине ылайык өз оюн чыгармачылык менен жазып берүүсү талап кылынат.

Оозеки сынак: Тиешелүү сынак комиссиясы тарабынан даярдалган билеттердин арасынан чучу кулак кармоосу жана студенттин берилген темада көркөм баарлашуусу талап кылынат.

 

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР:

  1. Тилден бошотуу сынактары салттуу (оффлайн) түрдө өткөрүлөт.
  2. Сынакка катталуу талаптарына жооп бере албаган студенттер Тилден бошотуу сынагына кире алышпайт.
  3. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын 10-беренесинин (б) пунктуна ылайык жүйөөлүү себептерден улам тилден бошотуу сынагына катыша албай калган студенттер үчүн кошумча сынак өткөрүлбөйт.
  4. Тилден бошотуу сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттердин тизмеси Студенттик иштер башкармалыгына билдирилет, андыктан бул студенттер даярдоо курсун аяктады деп эсептелет.

 

КӨҢҮЛ БУРУЛА ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР:

1.   Сынак башталардан мурун сынак алуучу документ (студенттик билет же паспорт) текшерет. Студенттик билети (же паспорту) жок студенттер сынакка кабыл алынбайт.

2.   Байкоочулар тарабынан зарыл болгон текшерүү иши аткарылуусу үчүн сынакка эң аз 30 мүнөт калганда тиешелүү сынак жайында болуу зарыл.

3.   Студенттер сынак алуучу айткан эрежелерге баш ийүүсү керек.

4.   Сынакта бир гана калем колдонулат.

    Социалдык медиада бөлүшүү