ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!


  • 2025-12-31

Сүйүктүү "Манас" үй-бүлөсү!

“Университеттен да артык” деген улуу максат менен баштаган маанилүү жолдо биримдик, жоопкерчилик жана орток баалуулуктар менен келечекке ишенимдүү кадам таштап келе жатабыз. Артта калган окуу жылы академиялык жетишкендиктерибиз менен катар илимий, маданий жана коомдук багыттарда аткарылган сапаттуу иштер менен биз үчүн сыймыктуу болду.

Бул ийгиликтерге салым кошкон — академиялык жана административдик жамааттан тартып, студенттерибизге чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бир бүтүн баалуулуктар тутумуна айланткан бардык кесиптештериме чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Келе жаткан 2026-жыл "Манас" үй-бүлөсүнө, Кыргызстанга, Түркияга жана бүтүндөй Түрк дүйнөсүнө ден соолук, тынчтык, ийгилик жана бакубатчылык алып келишине тилектешмин. Илимге таянган өнүгүү, ынтымак жана өз ара ишеним менен мындан ары дагы бирге көптөгөн ийгиликтерге жетишерибизге ишенем.

Жаңы жылыңыздар кут болсун!

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору,

PhD., профессор Алпаслан Жейлан

    Социалдык медиада бөлүшүү