Кыргыз - Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2026-жылдын 6-январында Малтепе университетинин ректору, профессор Эдибе Сөзен Четинташ менен жолугушту. Стамбул шаарындагы Малтепе университетинде өткөн жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташуу протоколунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Жолугушуу учурунда кызматташууларды өнүктүрүү жана келечекке багытталган биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алмашуулар орун алды. Малтепе университетинин ректору, профессор Эдибе Сөзен Четинташ КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейланды университетинде кабыл алганына кубанычта экенин билдирди.
Аталган жолугушуу эки университеттин ортосундагы бекем академиялык байланышты дагы да чыңдоо жана жалпы максаттарга карай жаңы кадамдарды жасоо жагынан маанилүү мүмкүнчүлүк катары бааланды.