Кыргыз-Түрк «Манас» Университетине кулак-мурун-тамак дарыгери талап кылынат


  • 2026-01-13

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Шейит Эрен Булбул» медициналык борборуна толук эмес иш күнүнө КМТ дарыгери талап кылынат.

Талаптар:

- жогорку медициналык билими жөнүндө диплом (дарылоо, педиатрия факультети)

- ординатураны же интернатураны аяктагандыгы тууралуу документ

- 3 жылдан жогору адистик боюнча иш тажрыйбасы

- 50 жашка чейин

- персоналдык компьютерди билүү

- жоопкерчилик, тактык, баарлашуу жөндөмү

Милдеттери:

- чоң бейтаптарды жана оорулуу балдарды кабыл алуу (клиникалык кароо)

- дартты аныктоо жана алдын алуу; оорулууну дарылоо жана реабилитациялоо

- шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү

- башка адистиктердин өкүлдөрү менен биргеликте бейтаптарды коштоп жүрүү

- паллиативдик жардам чөйрөсүндөгү иш-чаралар, медициналык процедураларды жүргүзүү

- медициналык жардам көрсөтүүдө инфекциялык коопсуздук чараларын сактоо жана медициналык манипуляцияларды жүргүзүү

- медициналык маалыматты тиешелүү түрдө сактоо жана коргоо

- кесиптик компетенцияга ээ болуу жана кеңейтүү.

Жумуш шарттары:

- мыйзамга ылайык ишке орноштуруу

- толук жумуш күнү

    Социалдык медиада бөлүшүү