Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасына Түркиядан келген жаңы медициналык топ Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Бул жолугушууда Түркия менен Кыргызстан ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыктын мааниси баса белгиленди. Жолугушуу учурунда Кыргыз-Түрк “Достук” мамлекеттик ооруканасы менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда жүргүзүлө турган академиялык жана саламаттыкты сактоо багытындагы биргелешкен иштер талкууланды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Түркиядан келген медициналык топту "Манас" университетинде кабыл алганына кубанычта экенин билдирип, эки өлкө ортосундагы бир туугандык байланыш саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы кызматташтыктын артынан бекемдегенин белгиледи.