КТМУнун жетекчилиги Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматовага куттуктоо сапары менен барды


  • 2026-01-21

2026-жылдын 21-январында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалган Гүлзат Исаматова менен жолугушуп, куттуктоо сөздөрүн билдирди.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Университеттин билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан тышкары, факультеттер аралык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, технопарк жана инновация багыттарында кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуудан кийин министр Исаматова “Манас” университетинин аймактык жогорку билим берүүгө кошкон салымын жогору баалагандыгын белгилеп, жакын арада университетке келип кетүү ниетин билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү