Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болду. Министр Исаматованы "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев ректорлук кабылдамасында тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө университет менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ортосунда академиялык жана институционалдык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Министр Исаматова университетте студенттер үчүн жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлгөнүн белгилеп: “Келечектин жаштарын тарбиялоо багытында Кыргыз-Түрк “Манас” университети көптөгөн ийгиликтүү иштерди аткарып келет. Кыргызстан менен Түркиянын мамилелери бардык тармактарда мындан ары да чыңдала берет деп ишенем. “Манас” университети илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүүнү улантат деген ишенимдемин. Бул баалуу иштер келечек муунга чоң салым кошот деп ойлойм,” – деп билдирди.
Жолугушуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана министр Гүлзат Исаматова баштаган делегация университеттин социалдык курулуштар имаратындагы студенттик ашкананы кыдырып, студенттер менен баарлашты. Министр Исаматова ошондой эле университеттин академиялык бөлүмдөрүн, лабораторияларын, "Манас ТВ" студиялары жана "Манас" радиосу менен таанышып, жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат алды.
Профессор, Алпаслан Жейлан министрдин университетке келгени үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ – 2026-жылдын 17-январы