Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Halkbank банкынын ортосунда айлык акы, билим берүү жана каржы тармактарында кызматташтыкты чыңдоого багытталган протоколго кол коюлду. Протоколдун алкагында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Halkbank өкүлү Бүлент Песенди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки мекеменин ортосундагы биргелешкен иш багыттарын өнүктүрүү жана туруктуу кызматташтыкты ишке ашыруу маселелери талкууланды.