4-февраль – Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) коомчулукта рак оорусу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында атайын иш-чара уюштурду.
КТМУнун “Оба” чай бакчасында өткөн иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борборунун кызматкерлери, окутуучулар жана Медицина факультетинин студенттери катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан рак оорусу бүгүнкү күндө саламаттыкка байланыштуу эң олуттуу маселелерден бири экенин белгилеп, айрыкча пандемия мезгилиндеги оор жоготуулар ден соолуктун канчалык баалуу экенин дагы бир жолу айкын көрсөткөндүгүнө токтолду. Ректор Жейлан ракка каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ооруну эрте аныктоо адам өмүрүн сактап каларын баса белгиледи.
Ошондой эле ректор Жейлан университет рак илдети менен күрөшүүнүн маанисин терең түшүнөрүн белгиледи. Ал Медицина факультетинин студенттери Кыргызстанда, Түркияда жана жалпы түрк дүйнөсүндө рак оорусуна каршы күрөшүүдө жана калктын маалымдуулугун жогорулатууда олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди. Ректор өз сөзүндө туура дарылоо ыкмаларын тандоодо илимдин жетекчи ролу өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгилеп, университет катары жаштарды, кызматкерлерди жана коомчулукту саламаттыкты сактоо маселелери боюнча маалымдоо алардын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында КТМУнун Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борборунун терапевти Саодат Молдобаева рак оорусу тууралуу кеңири маалымат берди.
Рак оорусунун негизги белгилерине жана пайда болуу себептерине токтолгон Молдобаева «Эрте аныктоо – өмүрдү сактайт» деген ураандын маанисин белгилеп, ооруну эрте аныктоо рак менен күрөшүүдө чечүүчү мааниге ээ экендигин айтты.
Рактан сактанууда сергек жашоо образын кармануунун маанисине көңүл бурган Молдобаева алкоголдук ичимдиктерден жана тамеки тартуудан алыс болуу зарылдыгын белгиледи. Анын ордуна спортту жана көнүгүүлөрдү күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айландыруу, туура тамактануу, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү сыяктуу адаттарды калыптандырууну сунуштады.
Иш-чаранын соңунда КТМУнун “Оба” чай бакчасынан асманга учурулган кызгылт көк шарлар ракка каршы күрөшүү боюнча коомдук аң-сезимге көңүл буруп, катышуучуларды бул жаатта сергек жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ