Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркиянын Кахраманмараш шаарында болгон жана дагы 11 аймакты жабыркаткан 6-февралдагы жер титирөөнүн жылдыгына карата жер титирөө тууралуу коомдук аң-сезимди жогорулатуу максатындагы эскерүү программасы уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетoв жана алар менен биргеликте издөө-куткаруу тобу, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, окутуучулар, кызматкерлер жана көп сандагы студенттер катышты.
Программа башталаар алдында катышуучулар 6-февралдагы жер титирөөгө арналган сүрөт көргөзмөнү көрүп чыгышты. Көргөзмөдө жер титирөөнүн кыйратуучу таасирин жана ошол күндөрдөгү кайгы-муңду чагылдырган сүрөттөр көрсөтүлдү.
Жер титирөөдө каза болгон жарандарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк эскерүү менен башталган иш-чарада Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бекем бир туугандык жана боордоштук баса белгиленди.
Министр Бообек Ажикеев: «Бир туугандарыбыздын кайгысын жүрөгүбүз менен сездик»
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-февраль Түркия үчүн өтө кайгылуу күн экенин белгилеп, ошол оор учурда Кыргыз Республикасы да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам колун сунганын айтты. Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 200гө жакын куткаруучу, чатырлар жана техникалык жабдуулар менен бирге жер титирөө болгон аймакка жөнөтүлүп, жардам иштерине активдүү катышкан.
Министр Ажикеев кулаган имараттардын ичинде чаң, катуу ысык жана суук, абанын жетишсиздиги сыяктуу оор шарттарга карабастан, куткаруучулар чоң жоопкерчилик жана жан үрөө менен иштегенин белгиледи. Алардын аракетинин натыйжасында 8 адам тирүү куткарылып, 198 маркумдун сөөгү табылып, үй-бүлөлөрүнө берилгенин айтты.
Министр мындай эскерүү иш-чаралары коомдук эс тутумду сактоо үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Ректор Алпаслан Жейлан: «Бир туугандык – оор күндөрдө бирге болуу»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Кыргызстан көрсөткөн үлгүлүү жардамга токтолду. Ал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде түзүлгөн кыргыз издөө-куткаруу тобу жер титтрөөнүн алгачкы күндөрүнөн тартып Түркияда иштеп, маанилүү кызмат аткарганын белгиледи.
Ректор Жейлан Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдүн маанисине өзгөчө токтолуп, алар жер титирөө аймагында жөн гана баш калкалоочу жай эмес, жылуулуктун, коопсуздуктун жана бир туугандыктын белгиси болгонун айтты. Катуу кышта боз үйлөр көптөгөн элдер үчүн чыныгы үйгө айланганын белгиледи.
Ошондой эле ректор Жейлан бул учурдагы жүрүштү тыгыз көзөмөлдөп, эл менен бирге болгон Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирип, Түркия-Кыргыстан бир туугандыгы мындан ары да бекемделе берерин айтты.
Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Акыркы бөлкөбүздү да бөлүшө билген элбиз»
Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев 6-февралдагы жер титирөөнүн үчүнчү жылдыгында абдан оор окуя эскерилип жатканын айтып, мындай учурлар адамдын жана коомдун чыныгы жүзүн көрсөтөрүн белгиледи. Ал кыргыз элинин түпкү салтында бири-бирине жардам берүү, бөлүшүү маданияты бар экенин айтып, «Акыркы бөлкөбүз калса да, аны бөлүшө билген элбиз»,- деди.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын экономикалык абалы азыркыдай болбогонуна карабастан, Президенттин тапшырмасы менен Түркияга жардам көрсөткөн алгачкы өлкөлөрдүн бири Кыргызстан болгонун эске салды.
Профессор Эбру Дурал жер титирөөгө даярдык боюнча маанилүү кеңештерин берди
Программанын алкагында Айдын Аднан Мендерес университетинин Курулуш инженерлиги бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Эбру Дурал «Кахраманмараш жер титирөөлөрү жана жер титирөөгө каршы көрүлө турчу чаралар» темасында баяндама жасады. Анда жер титирөөнүн түрлөрү, жер титирөөгө чейин жана жер титирөө учурунда көрүлө турган чаралар, имараттардын коопсуздугу жана өзгөчө кырдаал сумкасын даярдоо тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын аягында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге “Манас” университетинин 30 жылдык медалы, министрдин орун басары Азамат Мамбетoвго университеттин плакеткасы тапшырылды. 6-февралдагы жер титирөөдө Түркияга жардам берген кыргыз издөө-куткаруу тобуна гүлдестелер берилди.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ