Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси PhD. Мекин Мустафа Кемал Өкем Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде «Эл аралык дипломатия жана Түркия–Кыргызстан мамилелери» аттуу конференция өткөрдү.
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер барган сайын чыңдалууда
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси PhD. Мекин Мустафа Кемал Өкемдин «Манас» университетинде өткөргөн конференциясына ыраазычылыгын билдирди. Профессор Алпаслан Жейлан Түркия менен Кыргызстан ортосундагы туугандык түшүнүгүнө негизделген кызматташтык мамилелердин күндөн-күнгө жаңы жана кубандырарлык кадамдар менен чыңдалып жатканын баса белгиледи.
Профессор Алпаслан Жейлан бул өнүгүүлөр эки өлкө үчүн канааттануу булагы экенин белгиледи. Ал өз баалоосунда төмөнкүлөргө токтолду: “Түркия менен Кыргызстан арасындагы эң маанилүү кызматташтык кадамдарынын бири — 1995-жылы Измирде кол коюлган келишим менен негизделген Кыргыз-Түрк «Манас» университети. Университетибиз эки өлкөнүн достугунун жана жалпы келечегинин символу, адатта эки өлкөнүн достугунун багытын көрсөтчү “түндүк жылдызы” болуп саналат.”
Профессор Алпаслан Жейлан “Манас” университети жогорку билим берүү сапаты боюнча эл аралык деңгээлде таанылган билим берүү мекемеси экенин белгиледи. Ал университеттин замандын талабына жооп берген, толук жабдылган, динамикалуу жана ийгиликтүү адистерди даярдоого багытталган күчтүү визияга ээ экенин кошумчалады. Ошондой эле, профессор Жейлан жетишкен ийгиликтерди баалап, бул ийгиликтерди улантуу жана аларды туруктуу кылуу үчүн дагы күч-аракет жумшоо зарылдыгына токтолду.
Университеттердин негизги милдети – окутууну камсыз кылуу
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси PhD. Мекин Мустафа Кемал Өкем конференцияда университеттердин негизги милдети – окутууну камсыз кылуу экенин баса белгиледи. Элчи Өкем өз сөзүндө окуунун жашоодогу маанисине токтолуп, салыштыруу жана сын көз караш менен ой жүгүртүүнүн зарылдыгын, билимди ар дайым сын көз караш менен баалоо керектигин белгиледи. Ал ошондой эле теориялык билимди практика менен бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө да көңүл бурду.
Түрктөр менен кыргыздар бир тукумдан чыккан тууган коомдор
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Өкем түрктөр менен кыргыздардын бир тукумдан чыккан тууган элдер экенин баса белгиледи. Элчи ошондой эле Түркия Республикасынын Өкмөтү, Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыя кылганын билген замат, бул көз карандысыздыкты тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгонун эске салды.
Дипломатиялык байланыштарда биринчи макулдашуу Түркия менен түзүлгөн
Кыргызстан менен Түркиянын дипломатиялык байланыштарын түзүүгө багытталган биринчи макулдашуусу ,Кыргызстандын Түркия менен түзүлгөн келишими болгонун Туркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Өкем белгиледи . Түрк элинин мүнөзү көз карандысыздыкка негизделгенин белгилеген элчи Өкем, феникс кушу сыяктуу кыйынчылыктардан соң кайра күчүнө кирген түрк мамлекеттеринин тарыхын кылдаттык менен окуу керектигин айтты.
Элчи Өкем ошондой эле, Кыргызстан менен Түркия арасындагы туугандык байланыштарды баса белгилеп, Кыргызстандын көз карандысыздыкка жетүү процессинде Түркия тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жана жардамдарга токтолду.
Кыргызстандын көз карандысыздыгы туруктуу
Кыргызстандын көз карандысыздыгы туруктуу экенин айткан элчи Өкем, Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү деңгээли кыргыз эли үчүн да, түрк эли үчүн да чоң сыймык экенин белгиледи. «Кыргызстан көз карандысыз жана көз карандысыз бойдон калат. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын жетишкендиктерине биз да, кыргыз туугандардай сыймыктанабыз» деди.
Ошондой эле элчи Өкем кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда күчтүү жана түпкү байланыштар бар экенин айтып, бул алакаларды сактап калууга чечкиндүү экенин белгиледи. Бул кызматташуунун эконкреттүү мисалдары катары Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Режеп Тайип Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасын белгиледи.
Түркия менен Кыргызстан ортосундагы байланыштардын негизинде эркиндик жана теңдик түшүнүгү жатканын да баса белгилеген Өкем: «Эркиндик — бул теңдик, теңдик — бул эркиндик» деп айтты. Элчи ошондой эле, билим берүү эки өлкө үчүн тең чоң мааниге ээ экенин белгилеп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты дагы да күчөтүү керектигин айтты.
Манас университети: Тарыхтын жана бактылуулуктун белеги
Кыргыз-Түрк ‘’Манас’’ университетин баалаган Элчи Өкем Чыңгыз Айтматовдун: "Бир күнү бул талаада түрк дүйнөсүнүн университети түзүлүп, түрк дүйнөсүнүн жаштары бир чатырдын астында билим алышат деп ким ойлоптур?" деген сөзүн келтирди. Элчи Өкем «Манас» университети эки өлкө үчүн тең тарыхтын жана бактылуулуктун белеги экенин айтып, университет менен сыймыктанганын билдирди.
Конференциядан кийин Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси PhD. Мекин Мустафа Кемал Өкемге Кыргыз-Түрк ‘’Манас’’ университетинин 30 жылдык мааракесине арналган кызмат медалы тапшырылды.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ