KTMУда Эл аралык Көкбөрү федерациясынын кезексиз отчеттук-шайлоо конгресси өткөрүлдү


  • 2026-02-13

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинде Эл аралык Көкбөрү федерациясынын кезексиз кезексиз отчеттук-шайлоо конгресси өткөрүлдү.

Конгресске Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдасиев, Кыргыз–Түрк “Манас”  университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, эл аралык спорт уюмдарынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азиядан, Европадан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн көкбөрү жана салттуу спорт федерацияларынын жетекчилери катышты.

Жыйын онлайн жана офлайн (гибрид) форматта өткөрүлүп, Талантбек Кенжеев бир добуштан Эл аралык Көкбөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Ошону менен бирге Өзбекстандан Равшанбек Адхамов жана Россия Федерациясынан Сергей Савин федерациянын вице-президенттери болуп, Кувватбек Аскарбеков башкы катчы болуп шайланды.

Мындан тышкары Грузия менен Пакистан федерацияга мүчө катары кабыл алынды. Натыйжада Эл аралык Көкбөрү федерациясы жалпы 17 өлкөнү бириктирди. Эл аралык Көкбөрү федерациясынын ардактуу президенттери болуп Аскар Салымбеков жана Набиджан Жураев өз кызматтарын улантышты.

Ректор Алпаслан Жейлан: «Салттуу спорттордун өнүгүшүнө салым кошууну чечкиндүү улантабыз»

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түркияда иштеп жүргөн мезгилинде Салттуу спорттор башкармалыгынын жетекчиси болуп иштегенин белгилеп, айрыкча федерациянын жетекчилиги учурунда көкбөрү командасын түзүүгө демилге көтөргөндөрүн айтты. Бул команда Түркиядагы Улупамирде кыргыз жаштары менен бирге түзүлүп, ар кандай иш-чараларга катышып, маанилүү иштерди аткарганын баса белгиледи.

Салттуу спорттордун эл аралык деңгээлде жайылышына Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Нежметтин Билал Эрдогандын чоң салымы бар экенин айтып, ага дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Манас университетинде көкбөрү аянтчасынын курулушу да ушул көз караштын жыйынтыгы экенин белгилеп, бул аянт федерациянын пайдалануууна берилгенин айтты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан мындан тышкары: «Университетибиз бул багытта чоң ынтаа менен иш алып барууда. Бишкекте өтө турган мелдештер үчүн университетибиздин стадиону федерациянын колдонушуна даяр. Ошондой эле “Манас” университети катары салттуу спорттор боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келебиз. Бул алкакта Салттуу спорттор симпозиумунун быйыл 13-жолкусун өткөрдүк, келерки жылы 14-жолкусун уюштурууну пландап жатабыз. “Манас” университети катары салттуу спорттордун өнүгүшүнө салым кошууну чечкиндүү улантабыз», — деди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдасиев жаңы шайланган жетекчиликке ийгилик каалап, агенттик өз ыйгарым укуктарынын алкагында бардык колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле көкбөрү Кыргызстандын артыкчылыктуу улуттук спорт түрлөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Федерация жетекчилери тарабынан ишмердүүлүк отчету сунушталган конгрессте салттуу ат спортторун өнүктүрүү жана бул багытта эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча маанилүү чечимдер каралып, кабыл алынды. Ошондой эле федерациянын 2001-жылдагы Жаргысы заман талабына ылайык кайра иштелип чыгып, жаңыланары чечилди.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү