Бүткүл дүйнөлүк радио күнүндө “Манас” радиосунун атайын коногу – ректор, профессор Алпаслан Жейлан болду


  • 2026-02-13

13-февраль – Бүткүл дүйнөлүк радио күнүнө карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” радиосунун атайын коногу болду.

Программанын жүрүшүндө ректор университет билим берүү тармагында күчтүү бренддик баалуулукту калыптандырганын белгилеп, аны “чолпон жылдызы” деп атады.

Университет жөн гана билим берүү мекемеси эмес экенин белгилеген профессор Жейлан: «Биз студенттерге академиялык билим гана бербестен, коомдун бардык катмарларына багытталган маданий жана социалдык жоопкерчилик түшүнүгү менен иш алып барабыз», — деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Эл аралык Эне тил күнү тууралуу да айтып, түрк жана кыргыз тилдери Түркия менен Кыргызстандын ортосунда бекем «алтын көпүрө» түзөрүн белгиледи. Ал күндүн маанисине токтолуп, 13-февраль — Дүйнөлүк Радио күнү менен куттуктап, Manas FM радиосунун негизделген күнүнөн тартып эмгек сиңирген бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

“Манас” радиосу жөн гана университеттин радиосу эмес, андан да кеңири миссияны аткарарын айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан берүү учурунда университеттин ар түрдүү факультеттеринен түз эфирге кошулган студенттердин суроолоруна жооп берди. “Манас” университетинин студенттери акылдуу, адептүү жана ийгиликтүү инсандар болуп тарбияланып жатканын белгилеп, бул сапаттар университеттин билим берүү философиясынын эң ачык көрсөткүчү экенин кошумчалады.

Ошондой эле ректор күндүн маанисине токтолуп, 13-февраль – Бүткүл дүйнөлүк радио күнү менен куттуктап, “Манас” радиосунун түптөлгөн күнүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин эмгек кылып келе жаткан бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Орто Азиядагы алгачкы жана бүгүнкү күнгө чейин үзгүлтүксүз обого чыгып келе жаткан жалгыз университеттик радио болгон “Манас” радиосу 1999-жылы интернет аркылуу уктурууларын баштаган. 2000-жылдан тартып Бишкек шаары жана жалпы Кыргызстандын аймагында суткасына 24 саат, жума сайын 7 күн бою уктурууларды жүргүзүп, угуучулары менен туруктуу байланыш түзүп келет.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү