КТМУнун катышуусунда Жогорку сотто университет жана сот кызматташтыгы боюнча жыйын өткөрүлдү


  • 2026-02-16

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору жана проректорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку соттун Төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Жогорку соттун Аппаратынын Жетекчиси Сулайман Мыкыев, Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эркин Токтомамбетов, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын жетекчиси Каныбек Масалбеков, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышты.

Жолугушуу сот органдары менен жогорку окуу жайларынын ортосундагы институционалдык кызматташууну чыңдоо, биргелешкен билим берүү жана практикалык программаларды өнүктүрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында сот органдарында студенттердин практикасын жана стажировка мүмкүнчүлүктөрүн уюштуруу жана кеңейтүү, сот органдары менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, практикалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча билим берүү уюмдары тарабынан сунушталган  демилгелер талкууланды. Мындан тышкары, катышуучулар Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата сот органдарынын кызматкерлери жана  жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда улуттук илимий-практикалык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүштү.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу диалогду улантуу жана сот системасынын кесиптик потенциалын чыңдоо маселелери боюнча макулдашууга жетишти. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен студенттерди практикалык даярдоо жана стажировкадан өткөрүү боюнча кызматташтык келишимдерине кол койду.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү