Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан салтка айлангандай, быйыл да ыйык Рамазан айынын биринчи күнүндө студенттер менен бирге ооз ачты.
Профессор Жейлан Рамазан айынын бөлүшүү, бир туугандык жана тилектештик руху “Манас” университетинде өзгөчө сезилип жатканын белгилеп, Рамазан айындагы алгачкы ооз ачуу саамалыгын жыл сайын студенттер менен бирге өткөрүү салты университет үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Ооз ачуу программасынан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан кампустагы “Оба” чай бакчасында студенттер менен жолугуп, чай үстүндө жылуу маек курду.
Рамазан айынын алкагында уюштурулуп жаткан ооз ачуу программаларында “Манас” үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн, кайрымдуу ишкерлердин жана ар түрдүү мекемелердин өкүлдөрүнүн колдоосу менен быйыл да студенттерге ооз ачуу тамактары акысыз сунушталууда.