КТМУда Эл аралык эне тил күнү алкагында профессор Бурул Сагынбаевага арналган атайын иш-чара уюштурулду


  • 2026-02-20

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмү тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата филология илимдеринин доктору, профессор Бурул Сагынбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган студенттик илимий конференция уюштурулду.

КТМУнун ректораттын жыйындар залында өткөн иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Сатиев, проректор, профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле көптөгөн окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чара кыргыз тилинин өнүгүшүнө, Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүнө зор салым кошуп келе жаткан профессор Бурул Сагынбаеванын өмүр жолу жана илимий ишмердүүлүгү тууралуу презентация менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Сатиев Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин өнүгүүсүн мындан ары да өсүү нугунда улануусун каалап, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ийгиликтерге бай, туруктуу келечек тиледи.

Ошондой эле ал министр Гүлзат Исаматованын профессор Бурул Сагынбаевага арналган расмий куттуктоо катын катышуучуларга окуп берди.

Профессор Сагынбаеванын илимий жана педагогикалык салымдарына басым

Министр Гүлзат Исаматованын куттуктоо катында профессор Бурул Сагынбаеванын мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштери, илимий кеңештердеги активдүү катышуусу, эл аралык долбоорлорго кошкон салымы, ошондой эле окуу китептерин жана сөздүктөрдү даярдоодо алган жоопкерчиликтери өзгөчө бааланары белгиленди. Катта ошондой эле Сагынбаеванын өмүр жолу илимге, билим берүүгө жана коомдун руханий өнүгүүсүнө арналып, татыктуу жолду басып өткөнү, бүгүнкү күнгө чейин жасаган академиялык жана усулдук салымдары Кыргызстандын билим берүү системасына маанилүү жетишкендиктерди алып келгенин баса белгиленди.

Ректор Жейлан: "Улуттун рухун сактаган негизги касиет — тил"

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө: “Улутту түптөгөн үч негизги баалуулук бар: туусу, мекени жана тили. Туу жасалат жана улуттун тарыхын, идеалдарын чагылдыруучу символ катары колдонулат. Тарыхта он алты түрк мамлекетинин он алты ар башка туусу болгон. Белгилүү бир аймакты мекен деп кабыл алсаң, ал сенин жериң болот. Бирок тил андай эмес. Тил жасалбайт; ал эне менен кошо берилет. Эгер улуттун тили жок болсо, ал чыныгы улут боло албайт, жөн гана жамаат бойдон калат”, — деди.

Профессор Бурул Сагынбаеванын 70 жылдык мааракесин куттуктап жатып, ректор Жейлан академиялык адистин эң негизги милдети — студенттерди тарбиялоо экенин белгиледи. Ал ошондой эле профессор Сагынбаеванын кыргыз жана түрк элдерине кошкон илимий жана маданий салымдары жогорку баага татыктуу экенин айтып, бул эмгектер эки өлкөнүн Президенттери тарабынан ыйгарылган сыйлыктар менен дагы тастыкталганын кошумчалады.

Ошондой эле ректор Жейлан, “Манас” университетинин эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө ордуна токтолуп: “Биз ар дайым айтып келебиз: “Манас” — Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы алтын көпүрө. Ал эми ошол алтын көпүрөнүн тирөөчтөрү — биздин баалуу окутуучуларыбыз жана илимпоздорубуз”, — деди.

28 жылдык эмгек жана илимий салымга таазим

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, профессор Бурул Сагынбаеванын университеттин негизделген күндөн тартып 28 жыл бою жогорку окуу жайга жана илим дүйнөсүнө зор эмгек сиңиргенин белгиледи. Ал ошондой эле анын филология жана түркология багытындагы иштеринин кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана коомдун жашоосуна кошкон салымы сыймык экенин айтып өттү.

Саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев: “Кыргыз кыздары күчтүү” деп айтылгандай, биз бул сөзгө толук кошулабыз жана өзгөчө сиздин ишмердүүлүгүңүздө анын эң мыкты үлгүсүн көрүп турабыз”, — деп белгиледи. Ал профессор Бурул Сагынбаеванын жашоонун бардык тармагында тең салмактуулукту сактап, карьерасын, билим берүү жана илимий ишмердүүлүктү чоң берилгендик менен айкалыштыра алып келгенин баса белгиледи.

Профессор Лайли Үкүбаева: “Бүгүн биз бул жерде бир гана академиялык жетишкендикти эмес, өмүр бою уланган баа жеткис эмгекти жана берилгендикти даңазалоо үчүн чогулдук”, — деди. Ал филология бөлүмүнүн башчысы, профессор Бурул Сагынбаеванын талыкпаган эмгеги, тынымсыз изденүүсү, жогорку максаттарды коё билүүсү жана кыйынчылыктарды жеңүүдө көрсөткөн эрки менен татыктуу урмат-сыйга жеткенин баса белгиледи.

Гуманитардык факультеттин деканы профессор Алпаслан Ашык, профессор Бурул Сагынбаеванын кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон баалуу салымдары үчүн ыраазычылык билдирип, Эл аралык эне тил күнүн куттуктады.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин программа пленардык жыйын менен уланды. Жыйында англис тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, ошондой эле кытай тили жана адабияты багыттары боюнча билим алып жаткан студенттер илимий баяндамаларын сунушташты.

Иш-чараны профессор Бурул Сагынбаева жыйынтыктоо менен бул маанилүү күнгө карата өзүнө арналган программанын чоң мааниге ээ экенин белгилеп, Кыргыз–Түрк “Манас” университетинде көп жылдар бою академиялык салым кошкону үчүн сыймыктанганын айтты. Ал программаны уюштурууга салым кошкон бардык окутуучуларга жана кызматкерлерге чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдирди.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү