Түрк маданияты жана мурасы фондунун делегациясы КТМУда болду


  • 2026-02-26

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова жана аны коштогон делегация Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болду. 
Делегацияны ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев ректорлук кабылдамасында тосуп алышты.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, академиялык жана маданий багыттарда жүргүзүлө турган иш-чаралар, ошондой эле келечектеги кызматташуу пландары талкууланды.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү