Түрк маданияты жана мурасы фондунан “Манас” университетине китеп белек


  • 2026-03-02

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты боюнча экс-министр Кайрат Иманалиев баш болгон делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.

Жолугушууда Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин китепканаларына түрк дүйнөсүнө таандык атактуу чыгармаларды камтыган китептерди белек кылды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан бул жолугушуу үчүн жана кошкон салымдары үчүн  делегацияга ыраазычылык билдирип, университет катары Түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастарын жашатуу жана аны келечек муунга өткөрүп берүү боюнча кызматташтык өзгөчө орунга ээ экенин айтты.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү