Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кадыр түнгө арналган руханий программа өткөрүлдү


  • 2026-03-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Абдулкерим Сатук Бугра Хан атындагы мечитте Кадыр түнгө карата атайын руханий программа уюштурулду. Иш-чарага болжол менен 10 миңге жакын жаран катышып, ыйык түндү таң атканга чейин дуба, куран окуу жана ибадат менен өткөрүштү.

Программага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истабуллугил, Теология факультетинин деканы, профессор Хүсейин Акйүз, ошондой эле студенттер жана шаар тургундары катышты. Мечитке чогулган жамаат түн ичинде куран окуп, диний ырларды угуп, дуба кылуу менен руханий тынчтыкта ибадат кылышты.

Иш-чаранын алкагында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 6 миң адамга саарлык тамагы берилди. Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кадыр түнүнө карата куттуктоо сөзүндө Рамазан айынын руханий маанисине токтолуп, бул айда бөлүшүү, биримдик жана боордоштук баалуулуктары өзгөчө даңазаланганын белгиледи. Ал ошондой эле университет тарабынан бир ай бою акысыз ооз ачуу тамактары уюштурулуп, салтка айланган ачык асман алдында өткөрүлгөн ооз ачуу саамалыгына 8 миңден ашуун адам катышканын билдирди. Мындан тышкары, акыркы үч жылдан бери уюштурулуп келе жаткан Кадыр түндөгү саарлык программасы быйыл да улантылып, 6 миң адамга тамак-аш таратылганын кошумчалады.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү