Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Медициналык борборуна толук жумуш күнүнө медайым талап кылынат.
? Талаптар:
* Атайын орто медициналык билими бар
* Акыркы 5 жыл ичинде кеминде 180 сааттык квалификация жогорулатуу сертификаттары
* Кесиби боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы
* Жашы 35 жашка чейин
* персоналдык компьютер колдоно билүү
* Жоопкерчилик, тактык, коммуникативдик көндүмдөр.
? Милдеттери:
* Дарыгер тарабынан белгиленген алдын алуу жана дарылоо-диагностикалык процедураларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу
* Ийнелерди сайуу, кан алуу, жараат таңуу иштерин жүргүзүү (чоңдорго жана балдарга)
* Кабинеттерди бейтаптарды кабыл алууга даярдоо
* Медициналык документтерди жүргүзүү
* Инфекциялык көзөмөл талаптарын сактоо
* Медициналык мекемелерде инфекциялык контролдоо боюнча саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын билүү.
? Шарттары:
* Мыйзамга ылайык расмий жумушка орноштуруу
* Толук жумуш күнү
? Резюме жөнөтүү үчүн ? Телефон: 0 705 882 664