КТМУ үй-бүлөсү Орозо Айтты биримдик жана ынтымак менен белгиледи


  • 2026-03-20

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жамааты биримдик, ынтымак жана тилектештик руху үстөмдүк кылган Рамазан айын артта калтырып, Орозо Айтка тынчтык, ден соолук жана кубаныч менен жеткенине кубаныч билдиришти.

КТМУнун Абдүлкерим Сатук Бугра Хан мечитинде он миңдеген Кыргызстандыктардын катышуусунда Айт намазы окулгандан кийин, ректорлук тарабынан студенттерге эртең мененки тамак берилди. КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил студенттер менен жолугуп, аларды айт майрамы менен куттукташты.

Студенттер Рамазан айын кампуста мазмундуу өткөрүштү

Студенттер "Манас" университетинде Рамазан айы бою өткөрүлгөн иш-чаралар аркылуу бул ыйык айды Чыңгыз Айтматов кампусунда мазмундуу өткөрүшкөнүн билдиришти. Университет тарабынан түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр аркылуу маданий жана руханий баалуулуктарды жакындан сезишкенин белгилеген студенттер, университет жетекчилигине ыраазычылык билдирип, айт кубанычын үй-бүлө катары бөлүшүүнүн бактысын баса белгилешти.

Студенттер менен жолугушуулардан кийин университет жетекчилиги, окутуучулар, административдик кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү КТМУнун социалдык курулуштар имаратында өткөрүлгөн салттуу айт куттуктоо программасында чогулушту.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Биз сүйүүнүн негизинде бириккен чоң үй-бүлөбүз»

"Манас" университетинин ректору, профессрр Алпаслан Жейлан "Манас" университети жамаатынын Рамазан айт майрамын куттуктап, Рамазан айын биримдик, тилектештик жана күчтүү руханий атмосферада жыйынтыктоонун кубанычын бөлүштү.

Рамазан айы бою университетте өткөрүлгөн иш-чараларга токтолгон ректор Жейлан социалдык жоопкерчилик долбоорлорунан тартып маданият жана искусство иш-чараларына, академиялык иштерден медиа берүүлөргө чейин кеңири программалар уюштурулганын белгиледи. Бул процессте өзгөчө салттуу ачык асман алдындагы ооз ачууга болжол менен 8 миң адам катышканын айтып, бул иш-чара Түрк дүйнөсүндө үлгү боло турган салтка айланганын баса белгиледи.

Университеттин ар түрдүү бөлүмдөрү тарабынан уюштурулган иш-чаралар Рамазан айынын руханий маанайын кампус боюнча күчтүү сездиргенин белгилеген профессор Жейлан, "Манас" университети жөн гана билим берүү мекемеси эмес, ошол эле учурда күчтүү үй-бүлөлүк чөйрөнү сунуштаганын айтты.

«Көп учурда “чет жерде жүрүү” деген түшүнүк колдонулат. Бирок биз бул жерде бөтөн жерде эмеспиз. "Манас" үй-бүлөсү катары баарыбыз чоң үй-бүлөбүз», — деп айтып, сүйүү бардык нерсенин негизи экенин баса белгиледи жана "Манас" университети жамаатынын бардыгын Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

Айт программасына катышкан "Манас" университетинин жамааты Рамазан айы тынчтык жана дубалар менен өткөнүн белгилешти. Университет кызматкерлери Рамазан айында жүргүзүлгөн кайрымдуулук жана колдоо иштеринин кабыл болушун тилеп, эмгек сиңиргендерге ыраазычылык билдиришти.

Биримдик жана ынтымак руху үстөмдүк кылган Айт программасы жакшы тилектер жана дубалар менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү