Евразия тарыхы, тил жана маданият изилдөөлөрү симпозиуму


  • 2026-03-23

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Евразия тарыхы, тил жана маданият изилдөөлөрү симпозиумунун алкагында Түркиянын ар кайсы университеттеринен келген окумуштуулар менен жолугушту.

Амасья, Анадолу, Анкара, Ардахан, Ататүрк, Бурдур Мехмет Акиф Эрсой, Фатих Султан Мехмет Вакыф, Газиантеп, Хатай Мустафа Кемал, Ыгдыр, Режеп Таййип Эрдоган, Самсун 19-май, Синоп, Тракия жана Ялова университеттеринен көптөгөн окумуштуулар катышкан жолугушуу КМТУнун жыйындар залында өткөрүлдү.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан КТМУ Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын биргелешкен демилгеси менен түзүлгөн эл аралык университет экенин белгилеп, окуу жайдын Түрк дүйнөсүнөн жана ар түрдүү аймактардан келген студенттерди бириктирген көп улуттуу түзүмүнө көңүл бурду. Жейлан сапатка багытталган билим берүү концепциясынын негизинде академиялык өндүрүмдүүлүккө жана эл аралык кызматташтыкка чоң маани берерин айтты.

Анкара университетинин Тил жана тарых-география факультетинин деканы, профессор Ирфан Албайрак "Манас" университетинин жетишкендиктери институционалдык да, эл аралык деңгээлде да сыймыктануу жаратканын белгилеп: «Бул жакка келгенде өзүбүздү чет жерде эмес, тескерисинче үй ээси катары сезген күчтүү таандыктык сезими пайда болот», — деди.

Жолугушууда Евразия тарых, тил жана маданият изилдөөлөрү симпозиумуна байланыштуу маселелер менен катар, университеттер ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, биргелешкен долбоорлор жана илимий изилдөөлөр талкууланды. Тараптар өзгөчө тарых, тил жана маданият багыттарында биргелешкен ишмердүүлүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

Түрк тарыхы, тили жана маданияты КТМУда көп тармактуу симпозиумда каралат

2023-жылы КТМУ тарабынан өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүнүн байыркы доор изилдөөлөрү боюнча жумушчу жыйындын уландысы катары Түрк тарых коому жана Анкара университети менен биргеликте уюштурулган Евразия тарыхы, тил жана маданият изилдөөлөрү симпозиуму Түрк дүйнөсүнүн тарых, тил жана маданият тармактарындагы заманбап илимий изилдөөлөрдү бириктирип, дисциплиналар аралык талкуу аянтчасын түзүүнү максат кылат. Быйылкы иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Түркиядан жалпысынан 65 окумуштуу катышат.

Гуманитардык факультетинин Касым Тыныстанов атындагы конференция залында 24–25-март күндөрү өтө турган программада «Түрк дүйнөсүнүн тарых изилдөөлөрүндөгү жазма булактар жана археологиялык материалдар», «Түрк дүйнөсүнүн маданий мурасынын келечеги жана санариптештирүү», «Түрк дүйнөсүнүн тарыхындагы байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки көчтөр», «Түрк тили изилдөөлөрүнүн өткөнү, бүгүнү жана келечеги» жана «Түрк байыркы доор илимдери жана түрк дүйнөсүнүн келечеги» аттуу темаларда 50дөн ашык баяндама сунушталат.

    Социалдык медиада бөлүшүү