Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Турин политехникалык университетинин ортосунда академиялык кызматташтык протоколуна кол коюлду


  • 2026-03-30

Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен Италиянын алдыңкы техникалык жогорку окуу жайларынын бири болгон Турин  политехникалык университетинин ортосунда академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган протоколго кол коюлду.

Турин политехникалык университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору, доцент Алберто Гиусеппе Сапора жана долбоор жетекчиси, профессор Пиер Паоло Ривьера  2026-жылдын 27-мартында Кыргыз-Түрк "Манас" университетине иш сапары менен келди. Сапардын алкагында эки университеттин ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюлду.

Кол коюлган протоколдун негизинде биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, бакалавр жана магистратура деңгээлеринде студент алмашуу программаларын өнүктүрүү, окутуучулар жана изилдөөчүлөрдүн мобилдүүлүгүн жогорулатуу багыттары боюнча кызматташуу макулдашылды. 
Ошондой эле белгиленген багыттар боюнча билим берүү, стажировка жана семинар программаларын уюштуруу, маалымат жана илимий публикациялар менен бөлүшүү жана стаж өтүү программалары аркылуу студент алмашууну күчөтүү максат кылынууда.
Кол коюу аземинен кийин делегация Инженердик факультеттин окутуучулары менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда факультетте жүргүзүлүп жаткан академиялык иштер жана билим берүү ишмердүүлүгү тууралуу жалпы баа берилди.

Италиянын Турин шаарында жайгашкан Турин политехникалык университети — инженерия, архитектура, дизайн жана технология тармактарында билим берүү жана илимий изилдөө жүргүзгөн байыркы мамлекеттик университет. Ал 1859-жылы инженердик мектеп катары негизделип, XX кылымдын башында “Regio Politecnico di Torino” деген аталышты алып, азыркы академиялык түзүмүнө жеткен. Бүгүнкү күндө бул университет Италиядагы эң эски жана абройлуу техникалык жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат жана Европадагы алдыңкы технологиялык билим берүү борборлорунун катарына кирет.

    Социалдык медиада бөлүшүү