КТМУда “Өнөр жолундагы өмүр” көргөзмөсү менен кыргыздын салттуу искусствосу кайра жанданды


  • 2026-04-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) кыргыз маданиятынын салттуу көркөм мурасын даңазалаган маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Университеттин Конгресс жана маданият борборунда уюштурулган “Өнөр жолундагы өмүр” аттуу көргөзмө искусство сүйүүчүлөрдү салттуу кол өнөрчүлүк жана этно-дизайн үлгүлөрү менен тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Президенттигинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын алкагында өткөрүлгөн көргөзмөдө кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана салттуу эстетикасын чагылдырган чыгармалар көрүүчүлөргө сунушталды.

КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу, сүрөтчү жана этно-дизайнер Бурул Мамбетованын 60 жаш мааракесине арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Абдылдаевна, КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессор Исмет Алтынташ, Кыргыз техникалык университетинин проректору Эркингүл Сарынбекова жана көптөгөн окутуучулар, студенттер, коноктор жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Бурул Мамбетованын чыгармачылык жолу даректүү тасмада чагылдырылды

Иш-чаранын алкагында Бурул Мамбетованын чыгармачылык тажрыйбасына арналган даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда сүрөтчүнүн кыргыз маданиятын, салттуу кол өнөрчүлүктү жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өзгөчө эстетикалык багытта айкалыштырган эмгектери тааныштырылды. Айрыкча, ийнесиз жүндөн жасалган кийим-кече, буюмдар жана аксессуарлары аркылуу салт менен заманбаптыкты айкалыштыра алгандыгы баса белгиленди.

Байсаловдун ыраазычылык сөздөрү

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бурул Мамбетовага кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, салттуу кол өнөрчүлүктү сактоо жана аны жаш муунга өткөрүү өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле КТМУга маданий мурасты сактоо жана жайылтуу боюнча жасаган иштери үчүн ыраазычылык айтты. Иш-чарада Президенттик администрациянын башчысы Адылбек Касымалиевдин куттуктоо каты окулду. Анда Мамбетованын салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүдөгү жана дүйнөгө таанытуудагы эмгеги жогору бааланганы айтылды.

Ректор Жейлан: “Манас – маданий мурасты келечекке жеткирген борбор”

КТМУнун ректору, профоссер Алпаслан Жейлан иш-чарага катыша албаса да, өз кайрылуусунда университет кыргыз жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. Ал салттуу искусствону заманбап көз караш менен өнүктүрүү маданий туруктуулук үчүн өтө маанилүү экенин баса көрсөттү.

Ибраев: “Улуттук мурастын изиндеги маанилүү көргөзмө”

Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев бул иш-чара кыргыз элдик искусствосун даңазалаган маанилүү маданий аянтча экенин айтты. Ал Бурул Мамбетованын чыгармачылыгы улуттук маданиятка арналган үлгүлүү өмүр экенин белгилеп, жаш муундарды маданий мурасты сактоого чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бурул Мамбетовага анын искусствого кошкон салымы үчүн белектер тапшырылды.

Сахналык көрсөтүүлөр жана этно-көршөзмө

Иш-чаранын өзгөчө бөлүктөрүнүн бири этно-кийимдердин көргөзмөсү болду. Анда салттуу кыргыз кол өнөрчүлүгү менен заманбап дизайн айкалышкан кийимдер көрсөтүлдү. Ошондой эле белгилүү өнөрпоздор комуз жана кыл кыяк сыяктуу улуттук аспаптарда чыгармаларды аткарышты.

Өнөр жолундагы өмүр”  – маданий мурастын жыйынтыгы

Көргөзмөдө шырдак жасоо, терме, тери иштетүү, сайма, батик жана башка көптөгөн кол өнөрчүлүк түрлөрү көрсөтүлдү. Бул иш-чара кыргыз маданиятынын бай мурасын кеңири чагылдырган маанилүү аянтча болду.

Бурул Мамбетова ким?

Бурул Мамбетова – КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу, белгилүү сүрөтчү жана этно-дизайнер. Ал “Билим берүүдөгү мыкты кызмат” сыйлыгы, ЮНЕСКОнун “Сапат” сыйлыгы жана эл аралык Гран-при сыяктуу сыйлыктардын ээси. Анын эмгектери Кыргызстанда гана эмес, Индия, Италия, Түркия, Франция, Венгрия, Германия, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө да белгилүү. Ал салттуу искусствону заманбап ыкма менен айкалыштырып, маданий мурасты сактоого чоң салым кошуп келет.

    Социалдык медиада бөлүшүү