КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзуна мүчө болду


  • 2026-04-13

Кыргыз Республикасынын адабият жана маданият тармагына  салым кошкон көрүнүктүү инсандарды бириктирген Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан КТМУнун ректору, профессор  Алпаслан Жейланга жогорку  жетишкендиктери  үчүн Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөлүгү ыйгарылып, төш белгиси тапшырылды. Мүчөлүк белгисин союздун  төрагасы Каныбек Иманалиев тарабынан тапшырылып,  бул сыйлык Алпаслан Жейландын илимий жана маданий тармактагы эмгектерин таанытуучу сыймыктуу белги катары берилди.

Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө салым кошкон, улуттук маданий баалуулуктарды сактоо жана эл аралык деңгээлде таанытуу багытында иш алып барган жазуучуларга  берилген  бул мүчөлүк - адабий ишмердүүлүк менен катар  интеллектуалдык, илимий жана маданий салымдарды да камтыган кадыр-барктуу сыйлык болуп эсептелет. Бул алкакта ректор, профессор Алпаслан Жейландын түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташтыгын чыңдоого багытталган илимий иштери, маданий дипломатияга кошкон салымы жана КТМУда  жүргүзгөн илимий ишмердүүлүгү анын мүчөлүккө татыктуу болушунда негизги роль ойноду.

Ректор Алпаслан Жейлан: “Бул Мүчөлүк Түркия менен Кыргызстандын  академиялык кызматташтыгына күч берет”

Салтанат учурунда  сүйлөгөн сөзүндө ректор,  профессор Алпаслан Жейлан, бул мүчөлүк жеке өзү үчүн гана эмес өкүлчүлүк кылган мекемеси  жана түрк дүйнөсүндөгү академиялык кызматташтык  үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Алпаслан Жейлан: “Кыргызстандын бай адабий салтын чагылдырган мындай абройлуу уюмга мүчө болуу мен үчүн чоң сыймык. Бул мүчөлүктү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы маданий жана илимий байланышынын дагы да бекемдөө үчүн жоопкерчилик катары көрөм,” – деди.

Ал эми Союздун төрагасы Каныбек Иманалиев профессор  Жейландын илимий жетишкендиктери менен катар түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасына болгон аяр мамилеси жана аны кийинки муундарга өткөрүп берүү аракеттери менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи. Ал бул мүчөлүк эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланышты дагы да тереңдетерин айтты.

Тапшыруу аземи Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтыктын көрсөткүчү катары бааланып, бул мүчөлүк эки өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий өз ара аракеттенүүсүн жогорулатары күтүлүүдө.

Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөлүгү жана төш белгиси – кадырлуу маданий сыйлык катары бааланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзуна мүчөлүк жана ага кошо берилген төш белги – өлкөнүн адабият жана маданият тармагына олуттуу салым кошкон инсандарга берилген абройлуу сыйлык болуп эсептелет. Бул сыйлык адабий чыгармачылык менен гана чектелбестен, маданий мурасты сактоо, эл аралык деңгээлде таанытуу жана коомдор аралык интеллектуалдык байланыштарды чыңдоого кошкон салымдарды да камтыйт. Ошондуктан ал жөн гана символдук белги эмес, жогорку деңгээлдеги маданий урмат-сый катары бааланат.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү