Келечектин технологиялык лидерлери Manas BM форумунда жолугушту


  • 2026-04-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Инженерлик факультетинин Компьютер инженерлиги бөлүмү тарабынан уюштурулган “Manas BM" форуму студенттерди, окутуучуларды жана жаш ишкерлерди бир аянтчага чогултту. Ректораттын жыйындар залында өткөн иш-чарада жасалма интеллекттен киберкоопсуздукка, программалык инженериядан тартып инновациялык студенттик долбоорлорго чейин бир катар темалар талкууга алынды. Форумдун алкагында “Manas BM Hackathon 2026” сынагында алдыңкы орундарды ээлеген студенттер сыйланышты.

Ректор Жейлан: Студенттик долбоорлор келечектеги технологиялык экосистемага багыт берет

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университети жаштарды билимди жаратуучу, өнүктүрүүчү жана коомго пайда алып келе турган адистер катары тарбиялоону максат кыларын белгиледи. Форумда көрсөтүлгөн долбоорлор университеттин илимге, технологияга жана инновацияга багытталган концепциясын айкын чагылдырганын айткан профессор Жейлан, студенттер жасалма интеллекттен тартып архив документтерин санариптештирүүгө чейинки ар кыл тармактарда сунуштаган иштер келечектеги технологиялык экосистемага багыт бере турган деңгээлде экенин белгиледи.

Технологияны жөн гана колдонуучу эмес, өндүрүүчү жаштар 

Программанын ачылышында сөз сүйлөгөн Инженерлик факультетинин деканы, профессор Рита Исмаилова студенттердин технологияны жөн гана колдонуучу эмес, жаңы чечимдерди иштеп чыккан адистер катары калыптанышынын маанисине токтолду. Профессор Исмаилова жасалма интеллект тармагында негизги максат технологияны колдонуу менен чектелбеши керек экенин белгилеп, студенттер бул процесске иштеп чыгуучу, долбоорлоочу жана өндүрүүчү адистер катары салым кошушу зарыл экенин билдирди.

Хакатондун темасы: “Архивдин үнү”

Форумдун көңүлдү бурган бөлүктөрүнүн бири болгон “Manas BM Hackathon 2026” жарышынын быйылкы темасы “Архивдин үнү” болду. Иш-чарада тарых менен маалыматтык технологиялардын айкалышы түзгөн жаңы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Санариптештирүү иштеринин аркасында өткөнгө таандык архивдерди маалымат базаларына айландырууга, бул маалыматтардын негизинде үн жаратууга жана акылдуу системаларды иштеп чыгууга мүмкүн экени белгиленди.

Студенттер долбоорлорун академиялык чөйрө жана тармак менен бөлүштү

Форумдун алкагында бакалавр жана магистратура студенттери оффлайн жана онлайн сессияларда өз долбоорлорун сунушташты. Жасалма интеллект колдонмолору, киберкоопсуздук, заманбап маалыматтык технологиялар жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу процесстери боюнча даярдалган иштер катышуучулар арасында чоң кызыгуу жаратты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер академиялык билим менен тармактык тажрыйбаны айкалыштырган долбоорлору аркылуу дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүү чөйрөсүн түзүштү.

Ийгиликтүү командалар сыйланды

3–4-апрель күндөрү өткөрүлгөн хакатондун жыйынтыгында калыстар тобунун баалоосу аяктады. Жаратуучулук, оригиналдуу дизайн жана презентациялоо чеберчилиги менен айырмаланган командалар сыйлыкка татыктуу болушту.

    Социалдык медиада бөлүшүү