КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттер менен китеп окуу иш-чарасында жолугушту


  • 2026-04-20

Кыргыз–Түрк “Манас” университетинде студенттердин академиялык жана маданий өнүгүүсүн колдоо максатында китеп окуу адатын жайылтууга багытталган иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Ушул алкакта ректор, профессор Алпаслан Жейлан Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста уюштурулган китеп окуу иш-чарасына катышып, студенттер жана “Орхун” алмашуу программасы аркылуу келген окутуучулар менен жолугушту. Ал өз сөзүндө “окуган университет” идеясын өзгөчө белгиледи.

Ректор Жейлан: “Окуу – адамдын да, коомдун да өнүгүүсүнүн негизи”

Ректор Жейлан: “Бир китеп бир адамды өзгөртөт, бир адам коомду өзгөртөт” деген маанилүү ойду баса белгилеп, окуунун адамды өзгөртүп, коомду алдыга жылдыруудагы ролу зор экенин айтты. Ал студенттерге китепти үзгүлтүксүз окууну адатка айландырууну сунуштап, университет – бул жөн гана кесиптик билим берүүчү жай эмес, ошол эле учурда инсандык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүгө өбөлгө түзгөн чөйрө экенин белгиледи.

Ошондой эле ректор мындай иш-чаралар аркылуу ой жүгүрткөн, изденген жана жаратман жаштарды тарбиялоо максатын көздөп жатышканын айтып, “окуган университет” түшүнүгү менен келечектин билимдүү муунун калыптандырууну уланта беришерин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Жейлан студенттер менен бирге Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу пикир алышып, анын адабий жана философиялык мурасы боюнча кызыктуу талкуу жүргүзүштү.

Мындан тышкары, иш-чарада тил жана маданият маселелери да көтөрүлдү. Кыргыз тили жана латын алфавити тууралуу берилген суроолор аркылуу “Тилин билген – улутун сактайт” деген түшүнүк өзгөчө белгиленди.

    Социалдык медиада бөлүшүү