Кастамону университетинин ректору Ахмет Хамди Топал жана аны коштогон делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Жолугушууда эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган маселелер талкууланды. Анын алкагында студенттер менен окутуучулардын алмашуу программаларын кеңейтүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча пикир алышуу болду.
Ректор профессор доктор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку билим берүүдөгү сапатына токтолуп, университеттин Түрк дүйнөсү үчүн аткарып жаткан миссиясын баса белгиледи. Ал ошондой эле “Манас” университети Түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын, маданий мурасын жана илимий потенциалын бириктирген маанилүү борбор экенин айтып, «Манас университети мындай өзгөчөлүгү менен өлкөлөрдүн ортосунда күчтүү руханий жана билим көпүрөсүн түзөт» деп белгиледи.
Жолугушуудан кийин «Манас» университетинин Социалдык имаратынын көп функциялуу залында ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана Кастамону университетинин ректору, профессор Ахмет Хамди Топал менен аны коштогон делегация «Манас» университетинде билим алып жаткан эл аралык студенттер менен жолукту.