КТМУ III Эл аралык биология конгресси менен дүйнөлүк биология илимин Бишкекте бириктирди


  • 2026-04-24

Кыргыз–Түрк "Манас" университетинде (КТМУ) III Эл аралык биология конгрессин өткөрүү менен эл аралык илимий коомчулукту бириктирген маанилүү академиялык иш-чара өткөрүлдү. Ilbirs Foundation, Ariz Group жана Ыгдыр университети менен кызматташтыкта, КТМУнун Табигый-так илимдер факультетинин Биология бөлүмү тарабынан уюштурулган конгресс Норвегия, Япония, АКШ жана Индонезия баш болгон 9 өлкөдөн келген изилдөөчүлөрдү бир аянтчага чогултуп, биология илиминин актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Үч күнгө созулган программада 8 секцияда 186 илимий баяндама сунушталып, негизги илимдерден тартып колдонмо изилдөөлөргө, экологиялык көйгөйлөрдөн жасалма интеллектке негизделген биологиялык анализдерге чейин кеңири темалар камтылды.

Ачылышта илимий кызматташтык жана жалпы келечек баса белгиленди

Конгресстин ачылышында КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан биология илими адамзаттын келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп:
«Биология – бул жашоону түшүнүүнүн, табиятты коргоонун, саламаттык тармагында жаңычылдык киргизүүнүн жана туруктуу келечекти куруунун ачкычы», — деди. Ал климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу, эпидемиялар, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү биргелешкен илимий аракеттер аркылуу гана чечүүгө болорун кошумчалады.

Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук буга чейин эле сезиле баштаганын белгилеп, бул процесстерди илимий негизде түшүндүрүү маанилүү экенин айтты. Ал "Манас" университетинде мындай эл аралык платформаны өткөрүү чоң кубаныч экенин билдирди.

Табигый-так илимдер факультетинин деканы жана конгресстин төрайымы профессор Гүлбүбү Курманбекова экологиялык көйгөйлөрдүн күчөшү адамдын табиятка болгон жоопкерчиликсиз мамилеси менен байланыштуу экенин айтып, биология илиминин айлана-чөйрөнү коргоо, адамдын ден соолугу жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу тармактардагы ролун баса белгиледи.

Алдыңкы илимпоздор келечектеги изилдөө багыттарын талкуулашты

Конгресстин биринчи күнүндө Кыргызстан, Түркия жана АКШдан келген белгилүү окумуштуулар биологиядагы жаңы тенденциялар жана технологиялар тууралуу баяндамаларын сунушташты.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун директору, профессор Камила Карабекова аймактык биологиялык ар түрдүүлүк жана табигый ресурстарды сактоо маселелерин талкуулады. Йедитепе университетинен профессор Фикреттин Шахин биотехнологиянын саламаттык, айыл чарба жана өнөр жай тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Мэриленд университетинен доцент, доктор Даниел Лобо биоинформатика жана эсептөө биологиясы боюнча чоң маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект жана моделдөө ыкмалары тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле Йылдыз техникалык университетинен профессор Севги Мараклы молекулярдык биология жана генетикадагы жаңы изилдөөлөрдү тааныштырса, Кожаели университетинен профессор Йонжа Йүзүгүллү Каракуш биологиялык изилдөөлөрдүн саламаттык технологияларына тийгизген таасирин баяндады.

Сегиз тематикалык секцияда 186 илимий баяндама сунушталды

Конгресстин экинчи күнүндө инженердик жана табият таануу факультеттеринде бир убакта өткөн секцияларда жаныбарлар анатомиясы, зоология, жапайы жаратылыш биологиясы, ветеринария, өсүмдүк селекциясы, экология, генетика, биотехнология, молекулярдык биология, микробиология, химия, тамак-аш технологиясы жана айлана-чөйрө инженериясы сыяктуу багыттарда илимий иштер сунушталды.

Изилдөөлөрдүн арасында бийик тоо шарттарынын организмдерге таасири, жаныбарлардын оорулары, айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, табигый ресурстарды коргоо, микробдук ар түрдүүлүк жана туруктуу азык-түлүк системалары сыяктуу темалар өзгөчө орун алды.

Жасалма интеллект жана санарип ыкмалар талкууланды

Конгрессте ошондой эле санарип технологиялардын биологияга интеграциясы боюнча иштер да сунушталды. Жасалма интеллект аркылуу спутниктик сүрөттөрдү анализдөө, биоинформатикада алгоритмдерди салыштыруу жана рентген сүрөттөрүнөн өпкө ооруларын аныктоо сыяктуу изилдөөлөр маалымат илими менен биологиянын айкалышын көрсөттү.

Экология, биоартүрдүүлүк жана туруктуулук маселелери көтөрүлдү

Конгрессте Ысык-Көл аймагындагы экосистемалар, токойлордун абалы, урбанизациянын жаныбарлар дүйнөсүнө таасири, инвазиялык түрлөр жана булганган сууларды тазалоо сыяктуу темалар кеңири талкууланды. Илимпоздор биологиялык изилдөөлөрдүн климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнүн бузулушу сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдөгү ролун баса белгилешти.

Жаш изилдөөчүлөр үчүн эл аралык тажрыйба мүмкүнчүлүгү

Конгресске магистранттар жана жаш окумуштуулар активдүү катышып, өз изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде сунуштоо, чет өлкөлүк адистер менен таанышуу жана жаңы биргелешкен долбоорлорду баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

    Социалдык медиада бөлүшүү