Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кыргыз Улуттук Манас театрынын биргелешип уюштурган «Манастын руху, шыктын оту: Университет менен театрдын достугу» аттуу акындар айтышы жаш муундарды салттуу сөз маданияты менен жакындан тааныштырды. КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөн иш-чарада түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастардын бири болгон айтыш өнөрү тартууланып, катышуучулар өздөрүнүн төкмөлүк чеберчилигин жана сахна өнөрүн көрсөтүштү.
Ректор Жейлан: «Маданиятты жашатса гана бар болот»
Профессор Алпаслан Жейлан университеттер маданий мурастарды келечек муундарга жеткирүүчү негизги институттар экенин баса белгилеп, студенттердин сапаттуу адис болуп калыптанышы менен катар улуттук баалуулуктарды сактап, өнүктүрүүсү өтө маанилүү экенин айтты. «Маданиятты жашатса гана бар болот», — деген ректор салттуу өнөрлөрдү жаш муундар менен жолуктуруу коомдук өздүктү сактоонун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.
Профессор Алпаслан Жейлан улуу жазуучу Чыңгыз Айтиатов айткан «манкурт болуу» түшүнүгүн эске салып, коом өзүнүн маданий баалуулуктарынан алыстаса, өздүк иденттүүлүк жоголушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле "Манас" университетинин студенттери Кыргызстандын гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн келечегин өкүлчүлүк кылган жаштар экенин айтып, алардын эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана академиялык ийгиликтери үлгү болоорун кошумчалады.
Ректор Жейлан кыргыз маданиятынын негизги булактарынын бири болгон Манас эпосун окуунун маанисине токтолуп, эпостун санариптик версиясы университет тарабынан жеткиликтүү болуп, студенттер бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана аларын белгиледи. Маданий иш-чаралар бир жолку эмес, туруктуу негизде өткөрүлүшү зарыл экенин да баса белгиледи.
Ректор Жейланга «Ибарат» төш белгиси тапшырылды
Иш-чаранын алкагында Манас эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн профессор Алпаслан Жейланга Кыргыз Улуттук Манас театры тарабынан «Ибарат» төш белгиси ыйгарылды.
12 жаш акын сахнага чыкты
Маданий мурастарды сактоо жана жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулган айтышта 12 жаш акын күч сынашты. Жуптар боюнча сахнага чыккан катышуучулар айтыш аркылуу өздөрүнүн жеке чеберчилигин жана салттуу сөз өнөрүнө болгон терең түшүнүгүн көрсөтүштү. Калыстар тобу — Манас театрынын өкүлдөрү жана университеттин окутуучулары катышуучуларды мазмундуулугу, төкмөчүлүк чеберчилиги, тил байлыгы жана сахнада өзүн алып жүрүү деңгээли боюнча баалашты.
Жеңүүчүлөр сыйланды
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен акындар жарым финалга өтүп, финалдык баскычта байгелүү орундардын ээлери аныкталды. Иш-чара соңунда биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын ээлерине сыйлыктар тапшырылды.