Салттуу спорт түрлөрүн сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында илимий иштерди жана долбоорлорду жүргүзүп келген Кыргыз-Түрк “Манас” университети, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Кыргызстан тыйын эңмей боюнча чемпионатын өткөрдү . КТМУнун Салттуу спорт оюндары майданында өткөн иш-чарада көк бөрү оюну баш болуп, ар кандай салттуу спорт түрлөрү, фестивалдар жана маданий программалар уюштурулду.
Иш-чарага Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ, Тыйын эңмей эл аралык федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана көптөгөн көрүүчүлөр катышты. Проректор, профессор Исмет Алтынташ иш-чарада университет катары сапаттуу билим берүүдөн тышкары салттуу спортту кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн аракет кылып жаткандарын белгилеп: “Бул алкакта, төрт жыл катары менен өткөрүп келе жаткан Салттуу спорт оюндар симпозиумунун он сегизинчисин быйыл өткөрөбүз” деди.
Программада спортчулар кыргыздын салттуу ат оюндарынын бири болгон тыйын эңмей дисциплинасында өткөн тандоо мелдешинде таймашты. Мелдештер аяктагандан кийин жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Тыйын эңмей оюну
Тыйын эңмей — кыргыз элинин салттуу ат оюндарынын бири болуп, ат минген адамдын чеберчилигин, тең салмактуулугун жана ат үстүндөгү башкаруусун сынайт. Оюндун негизги максаты — чуркап бара жаткан ат үстүндөгү адамдын жерде жаткан тыйын же ага окшош майда буюмду тез жана так алып кетүүсү.
Көбүнчө 100 метрдик түз жолдо өткөрүлүп, спортчулар белгиленген убакыт ичинде мүмкүн болушунча көп буюмду топтоого аракет кылышат. 2ден 20га чейин спортчу катыша алган бул мелдеште эң көп буюмду ийгиликтүү алган спортчу жеңүүчү деп жарыяланат.
Тарыхый жактан тыйын эңмей согуш шарттарында ат минүү чеберчилигин, ыкчамдыгын жана рефлексин өнүктүрүү үчүн машыгуу ыкмасы катары колдонулганы белгилүү. Бүгүнкү күндө болсо салттуу спортту сактоо жана кийинки муундарга өткөрүп берүү жагынан маанилүү маданий баалуулук катары эсептелет.
Оюнда ат минген адамдын ат үстүндөгү тең салмактуулугу, тизгинди башкаруусу жана ээр менен шайкештиги чоң мааниге ээ. Спортчу бир колу менен атты башкарса, экинчи колу менен жерден буюмду алышы керек болгондуктан, бул дисциплина жогорку деңгээлдеги координацияны, ылдамдыкты жана рефлексти талап кылат.