"Манас" университети эл аралык байланыштарын чыңдоодо: Сомали элчиси КТМУда болду


  • 2026-04-27

Сомали Республикасынын Анкара жана Бишкектеги элчиси Фатхудин Али Мохамед өзүнүн делегациясы менен бирге Кыргыз–Түрк "Манас" университетинде ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев менен жолугушту. Жолугушууда жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана академиялык өнөктөштүктү бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар Сомали, Түркия жана Кыргызстан ортосунда билим берүү дипломатиясын күчөтүү, студенттердин жана окутуучулардын алмашуусун кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду колдоо маселелери боюнча пикир алмашышты. Иш-чаранын алкагында элчи Мохамед университеттин колдонмо медиа билим берүү борборлорунун бири болгон "Манас" ТВ студиясына да барды. Ал жерде университеттин медиа инфраструктурасы, техникалык жабдуулары жана жакында жүргүзүлгөн жаңылоо иштери тууралуу маалымат алды. Ошондой эле телеберүү ишмердүүлүгү, санарип контент өндүрүү процесстери жана студенттердин практикалык тажрыйба алуусуна шарт түзгөн окутуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Жолгушуунун дагы бир бөлүгү Чет тилдер жогорку мектебинде өттү. Бул жерде жүргүзүлүп жаткан тил окутуу иштери, эл аралык студенттер үчүн академиялык программалар жана көп маданияттуу билим берүү чөйрөсү тууралуу маалымат берилди. Элчи Мохамед университеттин күчтүү билим берүү инфраструктурасы жана көп тилдүү, эл аралык багыттагы окутуу модели өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, келечектеги кызматташтыкты өнүктүрүү жагынан бул сапарды маанилүү деп баалады.

    Социалдык медиада бөлүшүү