Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айыл чарба факультети тарабынан «Айыл чарба жумалыгы — 2026» иш-чараларынын алкагында уюштурулган «III Айыл чарба багытындагы карьера күнү» академиялык чөйрө менен айыл чарба секторунун өкүлдөрүн бир аянтчада жолуктурду. Студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошууну көздөгөн бул иш-чарага катышуучулардын саны көп болду.
Программа Кыргызстандын айыл чарбасынын көп түрдүүлүгүн жана табигый өндүрүштүк потенциалын чагылдырган «Кыргыз айыл чарбасынын түстөрү» аттуу сүрөт көргөзмөнүн ачылышы менен башталды. Көргөзмөдөн кийин карьера күнүнүн негизги бөлүгүндө тармактын алдыңкы өкүлдөрү студенттер менен жолугуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Ректор Жейлан: «Айыл чарбасынын келечеги аң-сезимдүү муун менен калыптанат»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргызстандын географиялык түзүлүшүнө токтолуп, өлкөнүн 95 пайызы тоолуу аймактардан турарын, ошондуктан суу ресурстарын коргоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу зарыл экенин баса белгиледи. Айыл чарба саясаты өлкөнүн табигый шарттарын эске алуу менен пландалышы керектигине көңүл бурган ректор Жейлан туруктуу өндүрүш илимий негизделген мамилелер менен гана мүмкүн болорун билдирди.
Профессор Жейлан айыл чарба жана мал чарбачылыкты келечектин эң стратегиялык тармактарынын бири экенин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду:
«Силер бир гана Кыргызстандын эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн жана адамзаттын келечегине эбегейсиз салым кошо турган күчтүү инсандарсыңар. Алдыңкы убакта азык-түлүк коопсуздугу, туруктуу өндүрүш жана мал чарбачылыгы дүйнөдөгү эң орчундуу маселелердин катарында болот. Ошондуктан силер аң-сезимдүү айыл чарбасынын кыймылдаткыч күчү жана бул өлкөнүн эртеңки күнүн калыптандыруучу эң баалуу потенциал болуп эсептелесиңер».
Декан Айгүн: “Кыргызстан айыл чарбасында көз карандысыздык жана туруктуу өндүрүш стратегиялык мааниге ээ”.
Ал эми Айыл чарба факультетинин деканы, профессор Ахмет Айгүн «Кыргыз айыл чарбасынын түрлөрү» аттуу сүрөт-көргөзмөнүн маанисине жана тарыхый эстутумуна көңүл бурду. Айыл чарба өндүрүшүндө бүгүнкү күнгө чейин уланган уланмалуулуктун маанисин баса белгилеген Айгүн көргөзмөдө көрсөтүлгөн 66 сүрөт Кыргызстандагы айыл чарба тажрыйбасын жана өндүрүш маданиятын чагылдырган маанилүү эмгектер экенин билдирди.
Советтер Союзу мезгилинде колдонулган борборлоштурулган айыл чарба саясаттарынан кийин көз карандысыздыкка жеткен түрк республикалары үчүн айыл чарбадагы өз алдынчалуулук стратегиялык зарылчылык экенин белгилеген профессор Айгүн өлкөлөрдүн өзүн-өзү камсыздай алышы күчтүү айыл чарба инфраструктурасы аркылуу гана мүмкүн болорун айтты.
Ошондой эле профессор Айгүн жаш айыл чарба-инженерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлөрүнө көңүл буруп, Кыргызстандын айыл чарбасын тышкы көз карандылыктан арылтып, күчтүү жана туруктуу түзүмгө жеткирүүдө келечектеги айыл чарба-инженерлер негизги ролду ойной турганын белгиледи. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана өлкөгө керектүү айыл чарба продукцияларын жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу үчүн сапаттуу кадрлардын маанисин баса белгилеген Айгүн: «Кыргызстандын айыл чарбасын дагы да күчтүү деңгээлге көтөрүү, өндүрүштө өзүн-өзү камсыз кылган түзүмдү түзүү жана өлкөбүздүн айыл чарба потенциалын эң натыйжалуу пайдалануу — силер, жаш инженер талапкерлердин билими, тажрыйбасы жана аракетиңер менен мүмкүн болот. Силер өлкөнүн айыл чарба өнүгүүсүнө багыт бере турган муунсуңар», — деди.
15тен ашык айыл чарба фирмалары студенттер менен жолукту
Иш-чарага катышкан 15тен ашык айыл чарба фирмалары студенттерге жумуш, стажировка жана практикалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Ал эми катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүп, эмгек рыногунун учурдагы талаптары, тармактын муктаждыктары жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.