Тил — улуттун эс тутумун, ой жүгүртүү мейкиндигин, маданий уланмалуулугун жана цивилизациялык аң-сезимин алып жүргөн эң күчтүү баалуулук. Коомду бекем бириктирип турган тарыхый аң-сезим, жалпы таандыктык сезими жана маданий тереңдик муундан муунга тил аркылуу өтөт. Ошондуктан түрк тилибизди сактоо, өнүктүрүү жана аны келечек муундарга бай мурас катары жеткирүү — бул жөн гана милдет эмес, ошол эле учурда цивилизациялык мурасыбызга болгон жоопкерчиликтин жана ээ болуунун көрүнүшү болуп саналат.
Дүйнөдөгү эң байыркы жана эң бай тилдердин бири болгон түрк тили миңдеген жылдык тарыхый тажрыйбаны, күчтүү ой жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн жана өзүнө камтыган маданий эс тутумду алып жүрүү менен элдин жалпы үнүнө жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн эң маанилүү ташуучусуна айланган. Бул жагынан алганда түрк тили ой жүгүртүүнү калыптандырган, маданиятты жашаткан жана жалпы келечегибизди кураган улуу цивилизациялык тил болуп эсептелет.
1277-жылдын 13-майында Караманоглу Мехметбей тарабынан жарыяланган жана «Мындан ары эч ким сарайда, диванда, жыйындарда жана сейилдерде түрк тилинен башка тилде сүйлөбөсүн» деген сөздөрү менен тарыхта калган жарлык түрк тилинин мамлекеттик тил катары таанылышын гана эмес, ошондой эле тилдик аң-сезимдин, маданий көз карандысыздыктын жана коомдук эс тутумдун символу катары чоң мааниге ээ.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети катары биз түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасынын негизги баалуулугу болгон түрк тилинин илим тили катары өнүгүшүн, санариптик доордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу дагы да күчтүү келечекке жетишин жана эл аралык академиялык чөйрөдө кеңири таанылышын жогору баалайбыз. Билим берүүдөн изилдөөгө, маданий иш-чаралардан эл аралык кызматташууга чейинки жүргүзүлүп жаткан иштер аркылуу түрк тилинин байлыгына өз салымыбызды кошууну улантабыз.
Бул маанилүү күндүн урматы менен түрк тилинин сакталуусуна, өнүгүшүнө жана жашоосуна салым кошкон башта Мустафа Кемал Ататүрк башында болгон бардык окумуштууларды, окутуучуларды, жазуучуларды жана тил сүйүүчүлөрүн урмат-сый, ыраазычылык жана ырайымдуулук менен эскерип, 13-май — Түрк тил майрамын чын жүрөктөн куттуктайм.
Түрк тилибиздин терең тарыхый мурасынын мындан ары да бекемделип жашашын, илим, маданият жана жалпы адамзаттык баалуулуктар менен кошо келечекке ташылышын каалайм.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору
Профессор Алпаслан Жейлан