KTMУда TS EN ISO 9001:2015 стандарты боюнча 2-көзөмөлдөө аудити ийгиликтүү өткөрүлдү


  • 2026-05-15

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, Түрк стандарттары институтунун сертификациялоо борбору менен биргеликте уюштурулган “TS EN ISO 9001:2015” стандарты боюнча 2-чи көзөмөлдөө аудити жана сапатты башкаруу системасы ийгиликтүү аяктады.

Тобокелдикти башкаруу боюнча өткөрүлгөн  сессия аркылуу сапат процесстерине маанилүү салым кошулду

Сертификатталган окутуу программасын Түрк стандарттар институтунун Сапатты башкаруу системалары боюнча башкы аудитору жана тренери  Семра Шенел жүргүздү. Окутуунун алкагында негизги темалардын бири болгон “Тобокелдикти башкаруу” сессиясында сапатты башкаруу системасынын алкагында тобокелдикке негизделген ой жүгүртүү ыкмасы каралды. Бул темада тобокелдикти аныктоо, баалоо критерийлери, контролдоо механизмдери жана башкаруу стратегиялары боюнча теориялык маалыматтар берилди.

Катышуучулар топтук иштер аркылуу методологияны практикалык түрдө колдонуп көрүштү. Суроо-жооп жана талкуулоо аркылуу мүмкүн болгон сценарийлерди баалап, чечимге багытталган жолдор иштелип чыкты. Шенел ошондой эле процессти башкаруу темасына токтолуп, анын туура пландалышы, көзөмөлдөнүшү жана үзгүлтүксүз жакшыртылышы сапат системасынын натыйжалуулугу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Ректор Жейлан: “Сапатка багытталган башкаруу – ийгиликтин ачкычы”

Жолугушуунун аягында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, сапатка багытталган башкаруу университеттерде туруктуу ийгиликке жетүүнүн ачкычы экенин айтты. Ал академиялык өндүрүмдүүлүк менен катар күчтүү институционалдык башкаруу, системалуу процессти башкаруу жана сапатка багытталган түзүлүш зарыл экенин баса белгиледи. “Манас” университети билим берүү, илимий изилдөө жана административдик кызматтарда эл аралык сапат стандарттарына таянарын кошумчалады.

2-көзөмөл аудит ийгиликтүү аяктады

Түрк стандарттар институтунун Сапатты башкаруу системалары боюнча башкы аудитору жана тренери  Семра Шенел уюштурулган сессиянын ийгиликтүү аяктаганын жана эч кандай мүчүлүштүк болбогонун билдирди. Ал сапат стандарттарын колдонууда көрсөтүлгөн тактык жана чечкиндүүлүк үчүн “Манас” университетин жогору баалап, университеттин жетекчилигин жана салым кошкондорду куттуктады.

Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы профессор Кадир Ардыч сапат процесстеринин ийгиликтүү жүргүзүлүшүнө чоң салым кошкон сапаттын өкүлдөрүнө жана сапаттын элчилерине ыраазычылык билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү