КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ 2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА СТИПЕНДИЯЛЫК МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ


  • 2026-05-22

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА СТИПЕНДИЯЛЫК МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАСЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

СЫНАКТАРДЫН ГРАФИГИ ЖАНА УБАКЫТТАРЫ
Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү 15 июнь – 02 июль 2026
Адистиги боюнча билим сынагынын (жазуу жана оозеки түрүндө) датасы 07 – 08 Temmuz 2026
Адистиги боюнча билим сынагы өткөрүлүүчү дарек Бишкек ш., Жал кичи району, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус, Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институту
Сынактын жыйынтыктарын жарыялоо 10 июль 2026
Талапкерлерди каттоо 20–21 июль 2026
Сабактарга катталуу 28 август–01 сентябрь 2026
КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ
  • Арыздарды кабыл алуу Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институту тарабынан жүргүзүлөт. Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2-июль 2026-жыл, 17:30. Документтерди кабыл алуу процессинде талап кылынган документтердин көчүрмөлөрү кабыл алынат. Ал эми талапкерди расмий каттоо учурунда документтердин түп нускалары же нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тапшырылууга тийиш.
  • Талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек.
  • Жарыя жарыяланган күнгө карата талапкердин жашы 26 жаштан ашпоого тийиш.
  • Бакалавр даражасына же беш жылдык жогорку кесиптик билимге ээ болууга тийиш.
  • Талапкердин бакалавр же/жана жогорку адистик билими боюнча диплому жана тиркемелеринин (транскрипт) көчүрмөлөрү талап кылынат (орточо жетишкендик көрсөткүчү 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,5 баллдан төмөн болбоого тийиш).
  • Паспорттун же ID картанын көчүрмөсү.
  • Аскердик абалы тууралуу маалымкат.
  • Тапшыруу үчүн арыздын үлгүсү.
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан тышкары башка билим берүү уюмун бүтүргөн учурда, талапкер Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан дипломунун нострификациялангандыгы жөнүндө тастыктоочу документти көрсөтүүгө тийиш.
  • Талапкер бирден ашык билим берүү программасына тапшыруу албайт.
КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР
  • Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү шилтемеден https://lee.manas.edu.kg/kg/form, же болбосо Институттан электрондук почта аркылуу алууга болот: bilgi.lee@manas.edu.kg.
  • Бакалавр же/жана жогорку адистик билими боюнча диплом жана тиркемелеринин (транскрипт) көчүрмөлөрү талап кылынат.
  • Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ; абитуриент кабыл алынган учурда документтердин түп нускасы милдеттүү түрдө талап кылынат.
  • Тастыкталган транскрипт.
  • 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
  • Паспорттун же ID картанын көчүрмөсү.
  • Аскердик абалы тууралуу маалымкат.
КАРАЛГАН ШАРТТАР
  1. Билим берүү акысыз.
  2. Программага катталган студенттерге түрк тили боюнча даярдоо программасын кошкондо, үч жыл бою ай сайын 735 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берилет.
  3. Университеттин Ч. Айтматов атындагы кампусунда толук шарттар менен камсыздалган жатаканалар бар.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР
  1. Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус, Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институтунун имараты, 1-кабат, 104-каб., (Студенттик бөлүм). (Локация: 42.833386, 74.573274), байланыш үчүн: 00 996 (312) 25 35 57 ички тел.:107 номерине телефон чалыңыз. WhatsApp: +996999775566.
  2. Толук эмес же туура эмес документтерди тапшырган талапкердин арызы жараксыз деп эсептелет.
  3. Билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Түрк тилин билгендигин тастыктаган документи жок талапкерлер түрк тили боюнча сынакка катышат (босого балл – 67). Тилден бошотуу сынагы 2026-жылдын 2–4-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан өткөрүлөт. Тил сынагынан ийгиликтүү өтө албаган талапкерлерге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил боюнча даярдоо курсунда окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ ЖАНА КВОТА

БИЛИМ БАГЫТЫ КВОТА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА БАКАЛАВР ЖЕ ЖОГОРКУ АДИСТИК БИЛИМ ТАЛАП КЫЛЫНАТ
Программалык инженерия 2 - Программалык инженерия, Компьютердик инженерия.
Экономика 1 - Экономика, Финансы жана кредит.
Менеджмент 1 - Менеджмент.
Социология 1 - Социология.
    Социалдык медиада бөлүшүү