Кымбаттуу "Манас" үй-бүлөсү!
Биримдик, ынтымак, бөлүшүү жана өз ара жардамдашуу сезимдери эң терең сезилген ыйык Курман айт майрамына жеткенибизге байланыштуу кубанычты баарыбыз бирге бөлүшүп жатабыз. Айт майрамы — көңүлдөрдү жакындаткан, достукту бекемдеген, урмат-сый жана сабырдуулук жашообузга кайрадан күч-кубат берген өзгөчө күндөр. Бул ыйык күндөрдө муктаж адамдарга кол сунуу, улууларды зыярат кылуу, балдардын жүзүнө кубаныч тартуулоо жана адамдардын ортосундагы чын дилден чыккан байланышты бекемдөө — майрамдын чыныгы рухун жашатуунун эң баалуу жолдорунун бири.
Тилегибиз — ыйык Курман айт жүрөктөрүбүзгө тынчтык, өлкөлөрүбүзгө ынтымак, адамзатка үмүт жана береке алып келсин. Ушул ой-тилектер менен биринчиден Түрк дүйнөсүнүн, жалпы ислам ааламынын, дос жана бир тууган Кыргызстан менен Түркиянын жана кымбаттуу "Манас" үй-бүлөсүнүн ыйык Курман айт майрамын чын жүрөктөн куттуктайм. Баарыңыздарга биримдик, ынтымак, тынчтык, ден соолук жана бакыт-таалай каалайм.
Курман айтыңыздар кут болсун!
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору,
профессор Алпаслан Жейлан