Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин Жаштар кызматтары башкы башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып жаткан Эл аралык алмашуу программаларынын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) менен Османие жаштар борборунун кызматташуусунда маанилүү долбоор жүзөгө ашырылууда.
«Баштапкы үрөндөр жолугушууда» долбоорунун алкагында Кыргызстанга келген Османие жаштар борборунун делегациясы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы маданий мурастарды сактоо, баштапкы үрөндөрдү келечек муундарга жеткирүү жана жаштар арасындагы туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иштер талкууланды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан:
«Боордош өлкөлөрдүн жаштарын бир максаттын айланасына бириктирген бул долбоор билим жана тажрыйба алмашууга гана эмес, достукту, тилектештикти жана орток таандыктык сезимин дагы бекемдейт», – деп белгиледи.
Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарынын бири болгон баштапкы үрөндөрдү сактоону жана жайылтууну көздөгөн бул долбоор айыл чарба багытындагы демилге гана болбостон, маданий эс тутумду сактоого, экологиялык аң-сезимди жогорулатууга жана жаштар дипломатиясын өнүктүрүүгө да салым кошууну максат кылат. Долбоордун алкагында жаштар салттуу өндүрүш маданияты менен жакындан таанышып, туруктуу айыл чарба ыкмалары боюнча билим жана тажрыйба алышат.
Окуу программалары, мастер-класстар, талаа иш сапарлары жана практикалык иш-чаралар менен байытылган долбоордун жүрүшүндө жаштар жаратылыш менен шайкеш өндүрүш түшүнүгүн өздөштүрүү менен бирге, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды дагы тереңирээк таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ортоқ тарыхтан жана мурастан күч алган баалуулуктарды келечекке жеткирүүгө багытталган «Баштапкы үрөндөр жолугушууда» долбоору эки боордош өлкөнүн жаштарын бир максаттын айланасына бириктирип, маданий алакаларды кеңейтүүнү, өз ара түшүнүшүүнү жана достук көпүрөлөрүн бекемдөөнү максат кылат.