Кыргыз-Түрк «Манас» университети 2025–2026-окуу жылынын алкагында 25-бүтүрүүчүлөрүн Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун ачык асман алдындагы спорттук аянтчасында уюштурулган салтанаттуу азем, чоң кубаныч жана сыймыктануу менен келечекке узатты.
Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүүдөгү күчтүү лидердин бири болгон КТМУнун бүтүрүү кечесине Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжандын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов, ректор, профессор Алпаслaн Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, башкы катчы, факультеттердин жана жогорку мектептердин жетекчилери, ошондой эле академиялык жана административдик кызматкерлер, коомдук бирикмелердин жетекчилери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттердин ата-энелери катышты.
Манас атабыздын мурасы бүтүрүү аземинде жаңырыды
Салтанат бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен башталып, Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик гимндеринин аткарылышы менен уланды. Андан соң түрк дүйнөсүнүн эң маанилүү маданий мурастарынын бири болгон «Манас» эпосунан үзүндү аткарылды. Бул өзгөчө көз ирмем кыргыз элинин бай оозеки чыгармачылык салтын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык жана маданий өзгөчөлүгү менен айкалыштырып, салтанатка тереңдик маани жана өзгөчө көрк кошту.
Ректор Жейлан: «Университеттердин баалуулугу тарбиялаган инсандар менен өлчөнөт»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетиний ректору, профессор Алпаслaн Жейлан жаштарга кесиптик ийгиликтерге жана карьералык максаттарга гана умтулбастан, адамзаттын негизги баалуулуктарын сактап жашоо багытында маанилүү насааттарын айтты.
Ректор, профессор Алпаслaн Жейлан Кыргыз-Түрк «Манас» университети өз студенттерине академиялык билим гана бербестен, күчтүү турмуштук маданиятты калыптандырууну да өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары көрөрүн баса белгиледи. Студентке багытталган жана студент менен дос болууну максат кылган университет түшүнүгү менен иш алып барышканын айткан Жейлан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, заманбап кампус шарттары, жеткиликтүү жана сапаттуу тамак-аш кызматы, медициналык колдоо жана социалдык инфраструктура аркылуу студенттер өздөрүн коопсуз, бейпил жана баалуу сезе турган университеттик чөйрөнү түзүшкөнүн билдирди.
Университеттердин баалуулугу алардын имараттары же наамдары менен эмес, алар тарбиялаган инсандар жана ортого койгон идеялары менен өлчөнөрүн белгилеген Жейлан жогорку окуу жайларынын негизги миссиясы келечекти кура турган инсандарды тарбиялоо экенин айтты. Кыргыз-Түрк «Манас» университети акыркы жылдары бул багытта маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашырганын билдирген Жейлан окуу жай жаңы академиялык кадамдарды таштап, илимий өндүрүшү менен өзгөчөлөнүп, дүйнөнүн алдыңкы миң университетинин катарына кирген абройлуу жогорку окуу жайы катары ишенимдүү кадамдар менен жолун улантып жатканын белгиледи.
««Манас» университети глобалдык изилдөө университетине айланды»
Ректор, профессор Алпаслaн Жейлан акыркы беш жылда жасалма интеллекттен саламаттыкты сактоо илимдерине, санариптик байланыштан туруктуу өнүгүүгө чейинки көптөгөн стратегиялык тармактарда аткарылган иштердин натыйжасында Кыргыз-Түрк «Манас» университети аймактык деңгээлдеги гана окуу жай болбостон, дүйнөлүк деңгээлдеги академиялык талкууларга салым кошо алган күчтүү изилдөө университетине айланганын билдирди. Санариптик доордун алып келген өзгөрүүлөрүнө токтолгон Жейлан университеттердин келечекти алдын ала көрө билүүсү болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин баса белгилеп, бул багытта «Жасалма интеллект жана маалымат инженериясы» менен «Киберкоопсуздук аналитикасы жана операторлугу» программалары ачылганын айтты.
«Бүтүрүүчүлөрүбүз ‒ жалпы маданият жана бир туугандык идеалынын өкүлдөрү»
Ректор, профессор Алпаслaн Жейлан бүтүрүүчүлөргө айткан куттуктоо сөзүндө, алардын жөн гана бир университетти аяктабастан, тамыры терең салттын, орток маданияттын жана бекем бир туугандык идеалынын өкүлдөрү катары турмушка кадам таштап жатышканын баса белгиледи. «Манас» университетинин диплому академиялык документ болуу менен бирге чоң жоопкерчиликти да жүктөрүн билдирген Жейлан бүтүрүүчүлөр Түркия менен Кыргызстан ортосунда курулган көңүл көпүрөсүнүн эң күчтүү тирөөчтөрү экенин айтты.
«Күчтүү муун күчтүү үй-бүлөнүн куттуу колунда тарбияланат»
Ректор Жейлан бүтүрүүчүлөрдүн түрк дүйнөсүнүн орток келечегинде аткара турган ар бир кызматы бул улуу мурасты дагы да байытарын белгиледи. Коомдун келечеги лабораторияларда, китепканаларда жана аудиторияларда калыптанарын, бирок бул келечектин пайдубалы үй-бүлө очогунда түптөлөрүн айтып: «Күчтүү муун күчтүү үй-бүлөнүн куттуу колунда тарбияланат», ‒ деп баса белгиледи. Профессор Алпаслaн Жейлан бүтүрүүчүлөр мындан ары да «Манас» үй-бүлөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп кала берерин айтып: «Эшигибиз да, жүрөгүбүз да сиздер үчүн дайыма ачык. Кайсы жерде болсоңор да, «Манас» үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү экениңиздерди унутпаңыздар», ‒ деген каалоо-тилегин билдирди.
Биринчи проректор Ибраев: «Ар бир бүтүрүү аземи жаңы башталыштардын эшигин ачат»
Университетте өткөн жылдар жаштардын билим, тажрыйба жана мүнөз жактан бышып жетилген өзгөчө бир мезгили экенин белгилеген биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев ар бир бүтүрүү кечеси бир аяктоо сыяктуу көрүнгөнү менен, чынында жаңы башталыштарга жол ачарын билдирди. Ийгиликтин өзөгүндө өжөрлүк, чечкиндүүлүк жана талыкпас эмгек жатарын баса белгилеп, жаштарга алдыга койгон максаттарынан кайтпоону жана өздөрүн дайыма өнүктүрүп турууну сунуштады.
«Билимиңер арткан сайын адамгерчилигиңер да бийиктесин»
Алмаз Ибраев Кыргыз-Түрк «Манас» университети өзүнүн 30 жылга чукул тарыхында миңдеген жаштарды тарбиялап, келечекке даярдаганын баса белгиледи. Билим берүү бир гана академиялык ийгилик менен чектелбеши керектигин айткан Ибраев: «Билимиңер арткан сайын адамгерчилигиңер да бийиктесин», ‒ деген сөздөрү менен жаштарга маанилүү кайрылуу жасады. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн терең билими менен тажрыйбасын адамдык баалуулуктар менен жуурулуштуруп, өз коомуна жана өлкөсүнө пайда алып келген инсандардан болушу керектигине өзгөчө көңүл бурду.
Элчи Өкем: «Манас университети ‒ түрк дүйнөсүнүн жаркыраган жылдызы»
Бүтүрүү аземинде Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түрк дүйнөсү үчүн мааниси чоң экенине токтолду. «Силер бул баалуу окуу жайдын жана түрк элдеринин жылдызысыңар. Кыргыз-Түрк «Манас» университети бир гана Түркия менен Кыргызстандын эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн жаркыраган жылдызы болуп саналат», ‒ деген Өкем Кыргызстандын чар тарабында «Манас» университетинин бүтүрүүчүлөрүн көрүү алар үчүн чоң сыймык экенин билдирди. Бүтүрүүчүлөрдү өз университетине жана Чыңгыз Айтматов атындагы кампуска ар дайым кам көрүүгө чакырган элчи сөзүнүн соңунда: «Эми сиздерди чоң дүйнө күтүп турат. Кадамыңар кут, жолуңар ачык болсун!» ‒ деген тилектери менен бардык бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.
Элчи Гандилов: «Силердин эмгегиңер жана өжөрлүгүңөр ушул сыймыкка жеткирди»
Бүтүрүү аземинде Азербайжандын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов бүтүрүүчүлөрдү куттуктап: «Жылдар бою көрсөткөн эмгегиңер, өжөрлүгүңөр жана тынымсыз аракетиңер бүгүн силерди бүтүрүүчү болуу сыймыгына жеткирди. Эми алдыңарда бул жерден алган билим жана баалуулуктарды өз өлкөңөргө, элиңерге жана жалпы адамзатка кызмат кылуу менен дагы чоң ийгиликтерге айланта турган жаңы сапар күтүп турат», ‒ деген пикирин билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө Азербайжандын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кошкон салымы үчүн «30 жылдык кызмат» медалы менен сыйланды.
Искусство жана маданият программалары бүтүрүү кечесинин шаңын арттырды
Жаңы бүтүрүүчүлөрдүн ант берүү аземи менен уланган салтанатта Түрк дүйнөсү оркестри тарабынан аткарылган «Жаркы» чыгармасы аянттагы элге өзгөчө маанай тартуулады. Программанын маданий бөлүгүндө сахнага чыккан «Манастын кыздары» бий ансамбли, «Дастан» комузчулар тобу, «Кыз куумай» жана «Кыз кыял» бий топтору өздөрүнүн өнөрлөрү менен кеченин көркүн ачты.
Алдыңкы студенттер сыймыктын булагы болду
Аземде факультеттердин жана жогорку мектептердин эң алдыңкы студенттерине факультет декандары менен жогорку мектеп директорлору сыйлыктарын тапшырышты. Университет боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн академиялык ийгиликтери менен салтанаттын эң өзгөчө көз ирмемдерин жаратышып, бул учур ата-энелердин узак убакытка чейин кол чабуулары менен коштолду.
Университеттин биринчиси Сезим Сыдыгалиева ийгилиги менен үлгү көрсөттү
Университетти эң алдыңкы көрсөткүч менен аяктаган табигый илимдер факультетинин математика бөлүмүнүн студенти Сезим Сыдыгалиева 4.00 орточо баасы (GPA) менен окууну бүтүрүп, чоң ийгиликке жетишти. Бүтүрүү кечелеринин салттуу жана маанилүү учурларынын бири болгон өзүнүн ысымы жазылган эстелик тактаны каккан Сыдыгалиева бул жетишкендигин тарыхта калтырды. Сөз сүйлөө учурунда ал окуу процессинде колдоо көрсөткөн кадырлуу окутуучуларына жана үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, бул ийгилик биргелешкен эмгектин үзүрү экенин баса белгиледи. Толкундануу менен коштолгон аземде сөз алган анын үй-бүлөсү, биринчи кезекте ректор, профессор Алпаслaн Жейланга, университет жетекчилигине, академиялык курамга жана жалпы «Манас» университетинин жамаатына ыраазычылыктарын айтып, кубанычтары менен бөлүшүштү.
Университет ийгиликтери өз ээлерин тапты
Университет боюнча экинчи орунду 3.99 орточо баасы менен Гуманитардык факультеттин филология бөлүмүнүн кытай тили жана адабияты программасынын студенти Бегимай Нурдинова менен коммуникация факультетинин радио, телекөрсөтүү жана кино бөлүмүнүн студенти Төлөгөн Сабырбеков бөлүштү. Университет боюнча үчүнчү орунга болсо 3.96 орточо баасы менен гуманитардык факультеттин педагогика бөлүмүнүн Багыттоо жана психологиялык кеңеш берүү программасынын студенти Нурия Бакытбек кызы, экономика жана башкаруу факультетинин экономика бөлүмүнүн студенти Айгерим Карыбаева жана инженердик факультеттин компьютердик инженерия бөлүмүнүн студенти Ислам Жанышбеков ээ болушту.
«Менин эмгегим — өлкөм үчүн, калкым үчүн!»
Бүтүрүү аземи студенттердин бир ооздон: «Менин эмгегим — өлкөм үчүн, калкым үчүн!» — деп кыйкырган сөздөрү менен уланып, толкундануу жана шаңдын туу чокусуна жетти. Бүтүрүүчүлөрдүн баш кийимдерин (академиялык баш кийимдерин) асманга ыргыткан учурдагы зор кубанычы ата-энелердин, окутуучулардын жана коноктордун кол чабуулары менен коштолду.
Расмий программа аяктагандан кийин майрамдык иш-чара кампустун аймагында уюштурулган концерттик программа менен уланды. Белгилүү артисттер сахнага чыккан кечеде бүтүрүүчүлөр достору жана үй-бүлөлөрү менен бирге бүтүрүү кубанычын толугу менен сезишти. Ошентип 25-бүтүрүү аземи музыка, шаң жана унутулгус көз ирмемдер менен жыйынтыкталды.