MTA Эл аралык Тоо-Кен компаниясынын (MTAIC) башкы директору доктор Наил Йылдырым жана аны коштогон делегация Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.
Жолугушууда Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тоо-кен жана жер илимдери тармактарында өнүктүрүлө турган кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан келген конокторго ыраазычылык билдирип, КТМУ Түрк дүйнөсүнө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо миссиясынын алкагында билим берүү, илим жана изилдөө тармактарында маанилүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле Жейлан академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий иштерди өнүктүрүү жана билим алмашууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу баш болгон бардык илимий кызматташууга ачык экенин билдирди.