Профессор Алпаслан Жейлан: "Жыл сайын өсүп жаткан ишеним — «Манас» университетинин билим берүү тармагындагы кадыр-баркынын эң күчтүү көрсөткүчү"


  • 2026-07-06

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан MANAS-ÖSYS 2026 кабыл алуу сынагынын ийгиликтүү жыйынтыкталышына байланыштуу ыраазычылык билдирүүсүн жарыялады. Ректор Жейлан сынакты уюштурууга салым кошкон бардык кызматкерлерге жана мекемелерге ыраазычылык билдирип, абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине ийгилик каалады. Өз билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду:

"Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары MANAS-ÖSYS 2026 кабыл алуу сынагын биринчи отурумда 11 миң 189, экинчи отурумда 6 миң 111 талапкер, жалпысынан 17 миң 300 абитуриенттин катышуусу менен ийгиликтүү өткөрдүк. Сынак университетибизге таандык 11, «Маариф» мектептерине таандык 5 жана «Манас» түрк мектептерине таандык 2 имаратта, жалпысынан 18 сынак имаратында, 369 аудиторияда, 902 сынак кызматкери жана колдоо көрсөтүүчү персоналдын өз ишине берилген эмгеги менен, коопсуздуктун жана уюштуруунун эң жогорку стандарттарына ылайык өткөрүлдү. Бул ийгиликти сыймыктануу жана чоң кубаныч менен белгилеп жатабыз.

MANAS-ÖSYS — бул университетибизге студенттерди кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү сынак гана эмес. Ал мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигинин, академиялык калыстыктын жана жаштарыбыздын эмгегине болгон терең урмат-сыйыбыздын эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Көп жылдан бери ушул эле принциптерди жана жоопкерчиликти бекем сактоо менен, талапкерлерибиздин укуктарына доо кетире турган эч кандай жагдайга жол бербестен, сынакты коопсуз, ачык-айкын жана адилеттүү шарттарда өткөрүп келебиз. Жыл сайын абитуриенттердин санынын өсүшү жаштарыбыздын «Манас» университетине болгон ишениминин жана университетибиздин билим берүү тармагындагы жогорку кадыр-баркынын эң айкын далили болуп саналат."

«КТМУ — кыялдары үчүн эмгектенген жаштардын университети»

Бүгүн сынак аудиторияларында өз кыялдары үчүн аракет кылып, келечегин билим аркылуу куруу жолунда алгачкы ишенимдүү кадамдарын таштаган бардык жаштарыбызды чын жүрөктөн куттуктайм. Алардын бүгүн көрсөткөн чечкиндүүлүгү — билимге, жаратуучулукка жана жаркын келечекке болгон ишениминин эң маанилүү далили.

 «Манас» — кыялдары үчүн талыкпай эмгектенген жаштардын университети. Ошондуктан мен өз эмгегин баалаган, максатына жетүү үчүн тынымсыз аракет кылган жана алдыга умтулган ар бир жаш «Манас» үй-бүлөсүнүн  мүчөсү болууга татыктуу деп ишенем. Биз университет катары жаштарыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн илим, сапаттуу билим берүү жана эл аралык концепция менен айкалыштырган күчтүү академиялык чөйрөнү мындан ары да камсыз кылууну улантабыз.

«Өнөктөш мекемелерибизге ыраазычылык»

MANAS-ÖSYS 2026 кабыл алуу сынагынын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө салым кошкон бардык мекемелерге жана өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сынакты уюштурууда имараттарды пайдаланууга берүү жана адам ресурстары жагынан олуттуу колдоо көрсөткөн «Маариф» мектептерине, «Маариф» билим берүү мекемелерине караштуу «Ала-Тоо» эл аралык университетине, «Ала-Тоо» медицина факультетине, «Сейтек» башталгыч мектебине, «Кембридж» мектебине жана Борбордук «Маариф» мектебине, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигине караштуу түрк мектептерине терең ыраазычылыгымды билдирем.

Билим берүү тармагындагы жалпы жоопкерчилик аң-сезими менен ишке ашырылган бул кызматташтык жаштарыбыздын келечегине кызмат кылган бекем тилектештиктин жана өнөктөштүктүн мыкты үлгүсү болду. «Манас» үй-бүлөсү катары биз бул баалуу колдоону институционалдык эс тутумубуздагы өзгөчө мааниге ээ салым жана билим берүү жаатындагы чын ыкластуу өнөктөштүк катары жогору баалайбыз.

«Жыйынтыктар 7-июлда жарыяланат»

MANAS-ÖSYS 2026 кабыл алуу сынагын өткөрүүдө көрсөткөн тактыкты жана жоопкерчиликти сынактын жыйынтыктарын текшерүү жана жарыялоо этабында да ошол эле кылдаттык менен улантып жатабыз. Баалоо процесси каталардын мүмкүнчүлүгүн эң төмөнкү деңгээлге түшүргөн заманбап оптикалык окуу системалары жана көп баскычтуу текшерүү механизмдери аркылуу жүргүзүлүүдө.

Ушул алкакта 17 миң 300 талапкердин сынак жыйынтыктарын 7-июль, шейшемби күнү жарыялоону пландап жатабыз. Талапкерлерибиздин эмгегине, ата-энелерибиздин ишенимине жана университетибиздин кабыл алуу сынагынын калыптанган салтына татыктуу деңгээлде ачык-айкын, ишенимдүү жана адилет баалоо процессин камсыз кылуу — биздин эң башкы милдетибиз. Мындан пайдаланып, бардык талапкерлерге ийгиликтүү билим жолун каалап, жолдору ачык, үмүттөрү бекем, келечеги кең жана жарык болушун тилейм.

«Манас» үй-бүлөсү катары билимге, илимге жана жалпы адамзаттын өнүгүшүнө салым кошо турган жаңы муундарды тарбиялоо жоопкерчилигин мындан ары да ошол эле ишеним жана бекем чечкиндүүлүк менен уланта беребиз.

    Социалдык медиада бөлүшүү