КТМУда акыркы үч жылда илимий изилдөө долбоорлоруна жарым миллион доллардан ашык колдоо көрсөтүлдү


  • 2026-07-10

Изилдөөгө багытталган өнүгүү стратегиясын үзгүлтүксүз улантып келе жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) акыркы үч жыл ичинде 131 илимий изилдөө долбооруна 509 миң доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөттү. Учурда университетте 77 активдүү долбоор ишке ашырылып, илимий билимди өнүктүрүүгө жана коомдук көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошууда.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети изилдөөчүлөрдү колдоого алган, тармактар аралык кызматташууларды өнүктүрүүгө багытталган жана илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууну максат кылган Илимий изилдөө долбоорлору (BAP) системасы аркылуу өзүнүн изилдөө потенциалын жылдан жылга жогорулатып келет. Акыркы үч жылда ишке ашырылган долбоорлор жана көрсөтүлгөн каржылык колдоолор университеттин изилдөөгө багытталган өнүгүү стратегиясынын айкын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.

Үч жылда 131 жаңы илимий изилдөө долбоору колдоого алынды

BAP системасынын алкагында 2024-жылы 45, 2025-жылы 45, ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында 41 жаңы долбоор колдоого алынып, университеттин илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеген жалпы 131 илимий изилдөө долбоору ишке ашырылды.

Долбоорлордун санынын өсүшү гана эмес, каржылык колдоонун туруктуу түрдө улантылып жатышы да университеттин илимий натыйжалуулукка жана билим өндүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын көрсөтөт. Айрыкча 2026-жылдын алгачкы алты айында жетишилген долбоорлордун саны жыл аягына чейин жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүдө.

Илимге жарым миллион доллардан ашкан стратегиялык инвестиция

Илимий-изилдөө инфраструктурасын чыңдоого багытталган инвестициялар да системалуу түрдө улантылып жатат. Акыркы үч жылда илимий изилдөө долбоорлоруна көрсөтүлгөн жалпы колдоонун көлөмү 509 миң АКШ долларына жетип, университеттин изилдөө иштерине жана илимий өндүрүшкө берген стратегиялык маанисин дагы бир ирет айгинеледи. Бул колдоолор изилдөөчүлөрдүн инновациялык идеяларын долбоорлорго айландыруусуна, лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, илимий жабдууларды камсыздоого, магистратура жана докторантура багытындагы изилдөөлөрдү колдоого, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги илимий басылмалардын сапатын жогорулатууга олуттуу салым кошууда.

Илимий долбоорлор сапаттуу басылмаларга айланууда

Илимий изилдөө долбоорлору (BAP) алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жаңы илимий маалыматтарды өндүрүүгө гана эмес, ошондой эле эл аралык илимий чөйрөдө таанылган сапаттуу академиялык жыйынтыктарды жаратууга да өбөлгө түзүүдө. Долбоорлордун натыйжасында алынган изилдөө жыйынтыктары Web of Science жана Scopus маалымат базаларында индекстелген, квартилдик көрсөткүчтөрдө (Q1–Q2) орун алган эл аралык рецензиялануучу илимий журналдарда жарыяланып, университеттин илимий басылмаларынын көрсөткүчтөрүн жана дүйнөлүк академиялык мейкиндиктеги көрүнүктүүлүгүн жогорулатууда. Бул илимий басылмалар КТМУнун эл аралык изилдөө тармактарындагы активдүүлүгүн арттырып, илимий таасир көрсөткүчүнүн жогорулашына, эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө жана изилдөөгө багытталган университет катары анын аброюн дагы да бекемдөөгө маанилүү салым кошууда.

Илимий изилдөөлөр коомдук баалуулукка айланууда

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде ишке ашырылып жаткан илимий изилдөө долбоорлору илимий билимди өнүктүрүү менен гана чектелбестен, коомдук муктаждыктарды чечүүгө багытталган, инновациялык колдонмолорду колдогон жана аймактык өнүгүүгө салым кошкон маанилүү иштер катары өзгөчөлөнүп турат. Ар түрдүү илимий багыттарда жүргүзүлүп жаткан долбоорлор илимий билимди практикага киргизүүгө, технологиялык өнүгүүнү колдоого жана коомдун артыкчылыктуу муктаждыктарына багытталган туруктуу чечимдерди иштеп чыгууга багытталган.

BAP колдоолору университеттин изилдөө маданиятынын өнүгүшүнө да олуттуу салым кошууда. Окутуучуларды, магистранттарды, докторанттарды жана жаш изилдөөчүлөрдү биргелешкен илимий иштерге тарткан бул долбоорлор тармактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге, сапаттуу адистерди даярдоого жана КТМУнун билим жаратуу мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз өнүктүрүүгө бекем негиз түзүүдө.

Ар бир долбоор көп баскычтуу академиялык баалоодон өтөт

BAP координатору, профессор Эржан Челик илимий изилдөө долбоорлорунун алкагында колдоого алынган ар бир долбоор көп баскычтуу, ачык жана академиялык критерийлерге негизделген баалоо процессинен өтөрүн белгиледи. Профессор Челиктин айтымында, BAP долбоорлоруна берилген кайрылуулар алгач университеттин санариптик BAP автоматташтырылган системасы аркылуу каттоого алынат. Андан соң долбоорлор BAP координаторлугу тарабынан долбоордук нускамага ылайыктуулугу, мазмуну жана форматтык талаптарга шайкештиги боюнча редакциялык алдын ала кароодон өткөрүлөт. Бул этаптан ийгиликтүү өткөн долбоорлор тиешелүү илимий багыттар боюнча аныкталган үч көз карандысыз адиске «жашыруун рецензиялоо» принцибинин негизинде жөнөтүлөрүн билдирген профессор Челик, адистердин илимий жаңычылдыгы, методологиялык компетенттүүлүгү, ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жана күтүлүп жаткан академиялык салымы боюнча даярдаган баалоо отчетторунун негизинде долбоорлорду колдоо чечими кабыл алынарын белгиледи. Ал ошондой эле бул баалоо механизми университет тарабынан колдоого алынган бардык долбоорлордун илимий сапат, объективдүүлүк жана илимий жактан татыктуулугу принциптерине ылайык тандалышын камсыз кыларын баса белгиледи.

Ректор Жейлан: «Илимий билим — коомдук өнүгүүнүн эң күчтүү кыймылдаткыч күчү»

Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары изилдөө ишмердүүлүгүн жөн гана академиялык ишмердүүлүк катары эмес, коомдук өнүгүүнү колдогон стратегиялык инвестиция катары карай тургандарын белгилеген ректор, профессор Алпаслан Жейлан илимий изилдөөлөр университеттин келечегин аныктаган эң маанилүү факторлордун бири экендигине токтолуп, төмөнкүдөй баа берди: "Изилдөө университети болуу максаты изилдөөчүлөрдү туруктуу негизде колдогон системаны түзүү аркылуу ишке ашат. Акыркы үч жылда 131 илимий изилдөө долбооруна көрсөткөн жарым миллион доллардан ашкан колдообуз бул түшүнүктүн айкын чагылдырылышы болуп саналат. Университетибиздеги негизги багытыбыз — илимий деңгээли жогору, уникалдуу жана коомго пайда алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ар бир долбоорду зарыл болгон деңгээлде колдоо аркылуу изилдөөчүлөрүбүздүн идеяларын илимий натыйжаларга айландыра ала турган күчтүү изилдөө чөйрөсүн түзүү. Бул багытта изилдөөчүлөрүбүздүн колдоого татыктуу ар бир долбоору үчүн керектүү ресурстарды камсыздоону илимий өндүрүштү колдогон күчтүү изилдөө системасын түзүүнүн ажырагыс бөлүгү катары көрөбүз. Биз көрсөткөн колдоо аркылуу долбоорлорду каржылап гана тим болбостон, жаңы идеялардын жаралышына, жаш изилдөөчүлөрдүн өсүп-өнүгүшүнө, тармактар аралык кызматташтыктын чыңдалышына жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү илимий эмгектердин пайда болушуна салым кошуудабыз. Изилдөөгө жасалган ар бир инвестиция билимге, коомго жана келечекке жасалган салым экенине ишенебиз. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин өз аймагында илимге салым кошуучу, чечимдерди иштеп чыгуучу жана эл аралык деңгээлде таасир жарата алган изилдөө университети катары мындан ары да өнүктүрүү үчүн чечкиндүү иш алып барабыз".

    Социалдык медиада бөлүшүү