Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Теология факультетинин илимий кызматкери, док. Шахимардан Орунбеков Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн эл аралык илимий сынакта биринчи орунду ээледи.
Биринчи Эл аралык Ислам цивилизациясы форумунун алкагында уюштурулган «Улуу аалым Имам Матрудинин толеранттуулугу, илимге жана маданиятка кошкон салымы» аттуу эл аралык сынакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн теология багытында илимий изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышты. Сынактын жыйынтыгында док. Шахимардан Орунбеков өзүнүн илимий эмгеги менен биринчи орунга татыктуу болду.