КИПР ТЫНЧТЫК ОПЕРАЦИЯСЫНЫН 52 ЖЫЛДЫГЫ КУТ БОЛСУН!


  • 2026-07-20

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кипр Тынчтык операциясынын 52 жылдыгына байланыштуу жарыялаган кайрылуусунда төмөнкүлөрдү белгиледи: «20-июль – Кипр Тынчтык операциясынын 52 жылдыгында Кипр түрк элинин коопсуздугу, тынчтыгы жана келечеги үчүн өзгөчө тарыхый мааниге ээ болгон бул күндү терең урматтоо менен эскеребиз.

Кипр маселеси көп жылдар бою эл аралык коомчулуктун күн тартибинде орун алып келген жана аралдагы окуялар аймактык тынчтык менен туруктуулук үчүн да олуттуу мааниге ээ болуп келген. 1974-жылдын 20-июлунда жүргүзүлгөн Тынчтык операциясы Кипр түрк коомчулугунун өмүр коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү кайра калыбына келтирүүгө багытталган тарыхый бурулуш учур катары тарыхта өзгөчө орунду ээледи. Андан бери жарым кылымдан ашуун убакыт өтсө да, бул күн Кипр түрк коомчулугунун өздүгүн, маданий мурасын жана коомдук биримдигин чыңдаган маанилүү тарыхый учур болуп калды.

Кипр түрк элинин укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жолундагы күрөштө негиздөөчү Президент Рауф Раиф Денкташ өзүнүн көрөгөчтүгү, дипломатиялык тажрыйбасы жана мамлекеттик ишмердиги менен өчпөс из калтырды. Анын лидерлик сапаты Кипр түрк коомчулугунун институтташуу процессине олуттуу салым кошуп, түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхый эс тутумунда өзгөчө орунду ээледи.

Бүгүнкү күндө да Кипр түрк коомчулугунун келечегине байланыштуу маселелерде диалог, өз ара түшүнүшүү, эл аралык укук жана туруктуу тынчтык принциптери өз маанисин сактап келет. Ушул алкакта Кипр түрк элинин бакубаттуулугун, коопсуздугун жана келечекке ишеним менен карашын негиз кылган конструктивдүү мамилелер аймактык туруктуулук үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз-Түрк «Манас” университети катары жалпы тарых, тил жана маданият аркылуу бириккен түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактоону жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүүнү маанилүү жоопкерчилик деп эсептейбиз. Илим, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыктын элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана жалпы келечекке багытталган тилектештикти мындан ары да бекемдей турганына ишенебиз.

Бул маанилүү жылдыкта, биринчи кезекте, негиздөөчү Президент Рауф Раиф Денкташты, ошондой эле Кипр түрк элинин келечеги үчүн эмгек сиңирген мамлекеттик ишмерлерди терең урматтоо менен эскерип, дүйнөдөн кайткан инсандардын жаркын элесине таазим этебиз, ардагерлерге терең ыраазычылык билдиребиз. 20-июлдун аймакта туруктуу тынчтыктын, өз ара ишенимдин жана жалпы бакубаттуулуктун чыңдалышына өбөлгө боло турган өз ара түшүнүшүү маданиятынын өнүгүшүнө салым кошушун каалайм».

 

Профессор Алпаслан Жейлан
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору

    Социалдык медиада бөлүшүү