2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ЖАТАКАНА ЖАЙГАШТЫРУУ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


  • 2026-08-05

2026–2027-окуу жылына карата жатаканага кабыл алуу боюнча арыздардын жыйынтыгынын негизинде студенттерден төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруусу өтүнүлөт:

  1. Көрсөтүлгөн мөөнөттө онлайн арыз бербеген студенттер жатаканага каттала алышпайт!
  2. Жатаканаларга кабыл алуу 1.09.2026 башталат андан мурун кабыл алуу жүргүзүлбөйт.
  3. Арыз берип, негизги тизмеге кирген даярдоо бөлүмүнүн жана  жогорку курстун студенттери жатаканага каттоодон  01.09.2026 – 25.09.2026 күндөрү аралыгында өтө алышат! Бул мөөнөттөн кийин негизги тизмеден каттоо жүргүзүлбөйт!
  4. Жатакана акысы бир жылга алдын ала төлөнөт. Акысын алдын ала төлөбөгөн студенттер жатаканага кабыл алынбайт.
  5. Негизги тизмеге кирбеген студенттердин жатаканага каттоо иштери жүргүзүлбөйт.
  6. Орто кесиптик жана бакалавриат программаларында окуган 28 жашка толгон, ошондой эле магистратура жана докторантура программаларында окуган 36 жашка толгон студенттердин жатаканага каттоо иштери жүргүзүлбөйт.
  7. Жатаканага арыз берүү учурунда чындыкка дал келбеген же толук эмес маалыматтарды бергени аныкталган студенттер баалоонун жыйынтыгы боюнча аларга тиешелүү упайлык рейтингде эң төмөнкү орунга жайгаштырылат.
  8. Көрсөтүлгөн мөөнөттө өзү келе албаган студенттер каттоону ишеним кат (доверенность) аркылуу жүргүзүшү керек.
  9. Кезек (резервдик) тизмедеги студенттерди кабыл алуу, негизги тизмедеги студенттердин каттоо процесси аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.
  10. Кезек тизмедеги даярдоо бөлүмүнүн жана жогорку курстардын студенттерин жатаканага каттоо 2026-жылдын 28-сентябрынан тартып жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин кезек тизмеден жатаканага каттоо жүргүзүлбөйт.
  11. Жатаканага катталып жаткан ар бир студент төмөнкү документтерди алып келиши зарыл.

ЭСКЕРТҮҮ: Шарттарга жараша кошумча документтер талап кылынат!

СТУДЕНТТЕР КАТТОО ҮЧҮН АЛЫП КЕЛИШИ КЕРЕК БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Студенттик маалым кат (OBIS – Студенттик Маалымат Системасынан басып чыгарылышы керек)
  2. Саламаттык тууралуу маалым кат (Өпкөнүн рентген жыйынтыгы университеттин Саламаттык борбору тарабынан бекитилиши керек. Чет өлкөдөн келген студенттер үчүн СПИД (Elisa) тести талап кылынат.)
  3. 5000 сом депозит жана бир жылдык жатакана акысы төлөнгөндүгү тууралуу банктык квитанция
  4. 3x4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт
  5. Паспорттун көчүрмөсү
  6. 2 даана тунук (пластик) файл
  7. Туруктуу жашаган жери тууралуу маалым кат (КР жарандары үчүн)
  8. Эгерде студенттер арыз берүүдө белгилешкен болсо, төмөнкү документтерди дагы каттоодо алып келиши керек:
  • Ата-энесинин ажырашкандыгы же каза болгондугу тууралуу документтери
  • 22 жашка чыга элек жана үй-бүлөсүндө 5 же андан көп бир тууганы бар студенттер үчүн үй-бүлөлүк курам тууралуу маалым кат (НҮФҮС)
  • Эгер университетте окуган бир тууганы бар болсо, анын студенттик маалым каты
  • Арызында майыптык жөнүндө маалымдаган болсо, каттоо учурунда аны тастыктаган тиешелүү документтерди алып келүүгө милдеттүү

Студенттер каттоодон өтө турган жер тизмелердеги «блок» бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Мисалы, «А блок» деп көрсөтүлсө, студент катталуу иштерин А блогундагы жатаканада жүргүзөт. Жалган же толук эмес документтер тапшырылган учурда студент катталуу укугунан ажыратылат.

2026–2027-окуу жылынын академиялык календарына ылайык жатакана төлөмдөрү төмөнкүдөй:

 

A БЛОК

B БЛОК

C БЛОК

БАРДЫК ДАЯРДОО КУРСТАРЫ

19.000 СОМ

15.200 СОМ

11.400 СОМ

ЧОН КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

18.000 СОМ

14.400 СОМ

10.800 СОМ

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕН

ТАПШЫРА ТУРГАН ЧОН КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ

20.000 СОМ

16.000 СОМ

12.000 СОМ

БАРДЫК БҮТҮРҮҮЧҮ КУРС

СТУДЕНТТЕРИ

20.000 СОМ

16.000 СОМ

12.000 СОМ

 ЖАТАКАНА ТӨЛӨМДӨРҮ ЖЫЛДЫК НЕГИЗДЕ ТӨЛӨНӨТ!!

 

Негизги тизме

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу кыз студенттеринин негизги тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу эркек студенттеринин негизги тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана башка өлкөлөрдөн келген  даярдоо курсу кыз студенттеринин негизги тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана башка өлкөлөрдөн келген  даярдоо курсу эркек  студенттеринин негизги тизмеси

2026 - 2027окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс кыз студенттеринин негизги тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс эркек студенттеринин негизги тизмеси

Кезек тизме

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу кыз студенттеринин кезек тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана даярдоо курсу эркек студенттеринин кезек тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс кыз студенттеринин кезек тизмеси

2026 - 2027 окуу жылы студенттик жатакана жогорку курс эркек студенттеринин кезек тизмеси

    Социалдык медиада бөлүшүү