Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Медицина факультети абитуриенттер жана студенттер үчүн уюштурулган таанытуу күндөрүнүн алкагында Анкара жана Стамбул шаарларында тааныштырылды.
Таанытуу иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Медицина факультетинин билим берүү түзүмү, академиялык мүмкүнчүлүктөрү жана студенттерге сунушталган шарттары тууралуу катышуучуларга кеңири маалымат берилди. Абитуриенттердин чоң кызыгуусун жараткан иш-чарада Медицина факультетиндеги билим алуу мүмкүнчүлүктөрү менен катар студенттик жашоо, академиялык өнүгүү жана эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да маалыматтар бөлүшүлдү.
«Манас» университетинин Медицина факультетинин программасына кабыл алынган студенттер Эл аралык биргелешкен бакалавриат программасынын алкагында 1 жылдык милдеттүү кыргыз тили боюнча даярдоо курсунан өтүшөт. Ал эми кыргызстандык студенттер 1 жыл бою түрк тили боюнча даярдоо курсуна катышат. Даярдоо курсун кошкондо, алгачкы 4 жыл Бишкек шаарындагы «Манас» университетинде, кийинки 3 жыл Стамбул шаарындагы Саламаттык Сактоо Илимдер университетинде билим алышат.
Тил даярдоо курсу үчүн окуу акысы алынбайт. 2026–2027-окуу жылына студенттик төлөм 4 000 АКШ доллары өлчөмүндө белгиленген. Университетте студенттер үчүн жатакана жана тамактануу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Даярдоо курсунун каалоочулары университеттин жатаканаларынан пайдалана алышат.
Программаны ийгиликтүү аяктаган студенттер үч диплом алууга укуктуу болот: алардын экөө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (Кыргызстан жана Түркия дипломдору), ал эми бири Саламаттык Сактоо Илимдер университетинин диплому.